Редакцияот 03.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 3-апрели № 2/5

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Ак-Моюн айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын аылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-moyun.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Г. Аттокурова