Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 2/6
Акматов Масап атындагы Ак-Моюн айылдык клубду капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин төрайымы Г.Аттокурова Акматов Масап атындагы Ак-Моюн айылдык клубду капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча билдирүү жасады.
Ак-Моюн айылдык Кеңештин сессиясы жогорудагы билдирүүнү угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акматов Масап атындагы Ак-Моюн айылдык клубу капиталдык ремонттон өткөрүлсүн, чатырчасы, полдору алмаштырылып, эшик терезелери кайра жаңыртылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |