ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-январы № 1
Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Жумгал айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ,Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппартынан каттоодон өткөрүлүп ,jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Санташов |
|
|