Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-январы № 2
Жумгал айыл аймагына коомдук үрөн фондусун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин «Юридикалык жактарды филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин негизинде Жумгал айылында Жумгал коомдук үрөн фондусун ачуу жөнүндөгү токтомун угуп жана талкуулап Жумгал айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айылында уюшулган «Жумгал» коомдук үрөн фондусу каттоодон өткөрүлсүн жана коомдук үрөн фондунун уставы бекитилсин.
2. Коомдук үрөн фондунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген уставга ылайык иш алып барышын камсыз кылуу жагы коомдук үрөн фонддун төрагасы К.Сапарбековго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппартынан каттоодон өткөрүлүп , jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Санташов |