Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-январы № 3
Жумгал айылдык Кеӊешинин 2013-жылдын 4-сентябрдагы № 8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1.Жумгал айылдык Кеӊешинин 2013-жылдын 4-сентябрындагы № 8 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. 2015-жылдын 1- январынан баштап Жумгал айыл өкмөтүнүн « Жергиликтүү административдик аймагына» төмөндөгү салыктардын түрлөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын
- калктуу конуштардын жерлерин
- айыл чарба багытында болбогон жерлерди
пайдалангандыгы үчүн жер салыгын ,
- короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын
- мүлк салыгын 1,2,3,4, топтогу обьектилерин
- Кз зоналык коэффициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин
3. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга карата бекитилсин
-жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3, топтогу обьектилерине
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэффицентти эске алуу менен жүргүзүлсүн.
4.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппартынан каттоодон өткөрүлүп ,jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Санташов |