Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-январы № 6
Жумгал айыл аймагына караштуу Лама айылына бала-бакча ачууга уруксаат берүү жөнүндө
1. Лама айылына ата-энелердин талабынын негизинде Лама айылына 3 жаштан 6-жашка чейинки бир топ(группа) саны 30 (отуз) бала менен «Нур-Жаз» бала-бакчасынын филалы ачылсын
2. «Нур-Жаз» бала-бакча филалында иштеген кызматкерлердин штаттык санын аныктоо менен айлык акыларынын өлчөмүн тарификациядан өткөрүү ,айлыктарын иштеген мезгилден тартып төлөп берүү жагы Жумгал райондук Билим Берүү бөлүмүнөн суралсын .
3.«Нур -Жаз» бала-бакчасынын филалынын тамак-ашы,ар кандай чыгымдары, жол чыгымдары (командировочный) Жумгал айыл өкмөтүнүн ФЭБ-нүн башчысы Ш.Карагуловго милдеттендирилсин .
4.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппартынан каттоодон өткөрүлүп ,jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Болоталиев Узак Сталбековичке милдеттендирилсин.
Төрага | С. Санташов |