Редакцияот 14.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-апрели № 1

Шаардагы базарлардын, коомдук тамак-аш сатуучу жайлардын,  Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Жалал-Абад шаардык Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктарынын ветеринардык кызматтарынын абалы жөнүндө

     Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Н.Эрматовдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXII-сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын  2015-жылдагы иш мерчемине ылайык шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана Жалал-Абад шаардык Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктарынын 2014-жыл ичинде аткарган ишмердүлүгүнүн отчету эске алынсын.

2. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы көчөлөрдүн тротуарларында санитардык китепчеси  жана уруксаты жок тез татымал тамак-аш сатылып жаткан объектилерге  тыюу салынсын.

3. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан базарларда, ашканаларда жана соода-түйүндөрүндө санитардык-гигиеналык жана санитардык-техникалык абалына көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, азык-түлүк  продукцияларын сатууда тиешелүү шарттарды жаратууда талаптагыдай иш алып барбагандыгы жана олуттуу кемчилдиктердин орун алышына жол бергендиги үчүн тиешелүү базар башчыларына тартиптик чара көрүү жагы Жалал-Абад шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

4.  Сатуучуларга жана керектөөчүлөргө тиешелүү шарттарды жаратууну уюштуруу, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.

5. Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасынын башчысына (М. Исмаилов):

шаар аймагында жайгашкан базарларда, соода-түйүндөрүндө сатылып жаткан жана ашканаларда пайдаланып жаткан эт, сүт жана башка азыктарды колдонууда ветеринардык санитардык эрежелердин сакталышын толук көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.

ашканаларда жасалып жаткан тамак-аштарга пайдаланылган айыл чарбасынан алынган эт, сүт жана башка азыктар ветеринардык көзөмөлдөн өткөндөн кийин сапат сертификатын берүүнү күчөтүү милдеттендирилсин.

6. Жалал-Абад шаарынын аймагында сүт азыктарын чыгаруучу кичи-завод ачуу маселесин ишке ашырууну Жалал-Абад шаарынын мэриясына сунушталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Өкмөтүнө, Экономика Министрлигине азык-түлүк жана тамак-аш сатуучу соода түйүндөрүнүн санитардык-гигиеналык жана санитардык техникалык абалын чейрек сайын текшерүүгө уруксат берүүсүн жана айып пулдардын суммасын көтөрүүсүн суранып, кайрадан кат жолдоо жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн. 

8. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын  Адилет министрлигине мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жагы  шаардык кеңештин жооптуу катчысына  (Б.Беркбаева)  милдеттендирилсин.

9. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык, укуктук  маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына, биринчи вице-мэр Т.Чойбековго, вице-мэр Т. Темирбаевге жүктөлсүн.

10. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.            

 

Төрага

                         Н. Нишанов

 

 

Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан  базарлардын, ашканалардын жана соода түйүндөрүнүн санитардык-гигиеналык жана санитардык-техникалык абалы  боюнча Т А К Т А М А

 

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында бардыгы болуп 8 базар бар, алардын ичинде жана тегерегинде 35 ашкана, кафе, 400дөн ашык соода түйүндөрү иштейт.

Белгиленип өткөн 8 базардын төртөөндөб.а. борбордук базарда, «Аль-Мадина», «Береке», базарларында жана «Манас» акционердик коомунун базарында азык-түлүктөр сатылып, тамак сатылуучу ашканалар жайгашкан.

Жалал-Абад шаардык кеңешининсоциалдык, укуктук  маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдагы иш мэрчемине ылайыкЖалал-Абад шаарында жайгашкан тамак-аш жана соода-сатык мекемелеринин санитардык абалы жана жаз, жай мезгилдеринде иштөөгө даярдыгы жөнүндө маселеге материал даярдоо жана депутаттардын шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынын 03.03.2015-ж. №4-протоколунун тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 13-мартындагы №75-б«Комиссия курамын түзүү жөнүндөгү» буйругу чыгарылып, шаардын аймагында жайгашкан базарларды,  ашканаларды, соода түйүндөрүн, ошондой эле, мал союлуучу жайлардын ишмердүүлүгүн жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Бир топ уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатканына карабастан шаарыбыздагы соода түйүндөрүндө, ашканаларда жана базарларда санитардык эрежелердин сакталышы боюнча орчундуу кемчиликтерге жол берилген.

Базарлардагы кемчиликтердин баса белгилеп кетчүүсү – бул базарлардын ичинде суу түтүкчөлөрүнүн, канализациянын жоктугу, башкача айтканда кол жууганга, мөмө-жемиштерди жууганга шарт түзүлгөн эмес.

Борбордук базарда (жетекчиси: К. Усенов)ганасатуучуларга жана кардарларга ынгайлуу шарттарды түзүү боюнча коюлган таршырмаларды аткаруунун үстүнөн аракеттер жүргүзүлгөн. Борбордук базарда жайгашкан бардык соода түйүндөрү жеке менчикте жана ижарада болгондугуна карабай түшүндүрүү иштери тиешелүү деңгээлде жүргүзүлүп, 2014-жыл ичинде ашар жолу менен бир топ жумуштар аткарылган. Аларды айта кетсек, эт павильону менен навестердин ортосуна латок курулган, “Ташкент” катарына арка, май базарга навес курулуп, жаан-чачындан тосулган, Борбордук базарга “Кубаныч” соода борбору жактан кирүүчү жерге решөткалар коюлган, ошондой эле, мэрия тараптан кире бериштеги дарбазанын алдына брусчатка орнотулуп, бул жумуштарга жалпы 481 200 сом сарпталган. Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 605 000 сом жумшалып, базардын “Бишкек” катарына брусчатка басылып, картошка базарга латок курулган.

2015-жылга жаан-чачындан тосуу максатында ашар жолу менен “Кубаныч” соода борбору жактан жана мэрия тараптан кирүүчү жерлерден “Ташкент” катарына чейин арка куруу мерчемделген. Базардагы жолдорду тегиздөө боюнча жергиликтүү бюджеттен каржылоого муктаждык бар экендиги борбордук базардын жетекчиси тарабынан белгиленди.

Базардын ичинде жайгашкан соода прилавкалары акыркы жылдары бир кыйла жаңыланып, темир чатырчалар курулуп, оңдолуп калган, бирок, дагы да болсо толук оңдоо талап кылынат.

Борбордук базарда сатылуучу дароо желчү азыктарды саткан сатуучулардын баары халат, фартуктарды кийишкен жана баарынын санитардык китепчелери бар. Нан саткан жерлер ак, таза материалдар менен жабылган. Мөмө-жемиш, жашылчалар жана башка желчү азыктардын баары эреже боюнча жерден 20 см бийиктикке коюлуп сатылууда.

Көпчүлүк ашканаларда  санитардык-гигиеналык талаптар канааттандыраарлык денгээлде аткарылган: камыр, эт, жашылчаларды кесүү үчүн ар бирине өзүнчө столдор коюлган, идиш жуучу 3 көздүү ванналары бар жана тамак ичүүчү столдору, идиштери таза. 

Бирок, мэрия тараптан киргендеги катарда самса, нан сатуучу жайда 2 көздүү гана идиш жуучу ванна коюлган. Санитардык абалы начар.

№1-пирожки, манты, шашлык сатуучу ашканадагы (жетекчиси:Бадалбаев) абал  санитардык эрежелерге таптакыр жооп бербейт.Агын суусу жок. Идиш жуулчу столдо жуулган идиштердин суусу төгүлгөн жерге бышырууга даярдалган шашлыктар коюлган. Аарчылган пияздарды өтө кир идишке салып коюшкан.

Исраилов Нурмухаммедге тиешелүү мантыканада идиш жууй турган караңгы бөлмөдө патрон, лампочкалар жок болуп, жарыктандырылбаган. 3 көздүү ванна коюлбаган, агын суу жок. Эшиктеги кардарлар тамак жей турган жердин жанында ар кандай клеенка, материалдар илинип, анын ар жагына картошка, пияз коюлган.

«Кубаныч» соода борбору тараптан кирген катардагы «Чучпара» кафесинде (жетекчиси:Абдулло хажы) идиштер таза жуулбаган, санитардык абалы өтө начар. Кир идиштер коюлган, Эт, жашылча, камыр кесүүчүөзүнчө столдор коюлбаган. Ичи суук, официанткаларында санитардык китептери жок.Кардарлар тамак ичүүчү жайга эски жана кир муздаткыч коюлуп, анын үстүнө аарчылган пияздарды коюп коюшкан.

Жогоруда санитардык эрежелерди одоно бузган ашканалардын баарында ремонт иштери жүргүзүлбөгөн.

Султанов Өзгөнбайга караштуу соода түйүнүндө үйдөн жасалып келинген пироженное, лагман камырынсатышат. Ким жасап келгени жөнүндө сатуучулар тараптан маалымат берилбегендиктен, сатууга тыюу салынды. Анын жанында сатылып жаткан «Аист» Халал торт жана пироженноелердин сертификаты жок.

Борбордук базарда жайгашкан павильондо сатылуучу чучук, эттер марли менен жабылбаган. Павильондун ичиндеги «Хатича» дүкөнүндө печеньелер жерге коюлган.

Жылкынын эти сатылган 2 гана соода түйүнү бар, бирок, чучуктар абдан көп жерде сатылууда. Ошондуктан, кайдан жылкынын этин таап, чучук жасалып жаткандыгы боюнча суроо жаралат. Павильондо товардык коншулук эрежеси сакталбай, өрүк-мейиз, жер жаңгактар сатылуучу түйүндөр жана ветеринардык аптека аралаш жайгашкан.

Өрүк-мейиздердин көрүнүштөрү, абалдары жакшы. Лабораториядан өткөн документтери бар.

Айран, сүт сатуучу жерде шарт жок (базарком Анаркулов Кубаныч).Өтө суук болгондуктан сатуучулар одеялдар менен оронуп отурууга мажбур. Кол, идиш жууганы шарт жок. Муздаткыч менен камсыз болушпаган. Шарт түзүү, канализация киргизүү иштери 201ң-жыл ичинде жасалаары базарком тарабынан билдирилди.

Борбордук  базар  боюнча: Бардыгы  29  эт  саткан  дүкөн  бар.16 жерде  мал  эти,13  жерде  кой  эти  жана  2  жерде  жылкы  эти  сатылат.

Текшерүү учурунда базар  ичинде  сатылып  жаткан  мал,кой,жылкы  эттеринде ветеринардык  кароодон  өткөндүгү жөнүндө  эттерге  клеймолор  басылган, ветеринардык  сертификаттары бар болуп, ветеринардык  талапка  жооп  берээрлик экендиги аныкталды.

Борбордук базардын ичинде жайгашкан малдын жана койдун эти сатылуучу павильондоруна (ээлери   К. Төрөбаева,  Г. Анаркулова) суу түтүкчөлөр киргизилген эмес. Суунун жоктугунан, кол жууганга  же касапканаларды жууганга сууну сырттан ташып келишет.

«Аль-Мадина»  базарынын  (жетекчиси   М. Жаанбаева)  ичинде ремонт иштери жүргүзүлүп сатуучуларга шарт түзүлүп  жатканына карабастан базардын ичинде  жайгашкан дүкөндөрдө азык-түлүк менен биргеликте самын, порошоктор бирге сатылат.

«Аль-Мадина» базарынын ичиндеги Абдухаликова Махира иштетип жаткан ашканада атайын жашылча, эт жана камыр үчүн өзүнчө столдору жок. Идиш жуучу ваннасы 2 көздүү. Идиш жуунун эрежелери сакталбаган. Орт коопсуздугу боюнча эрежелер сакталбаган Санитардык китепчеси жок.

«Нургазы» дүкөнүндө Кытайдан келген 20 түрдүү витаминдерди, шербеттерди сатылууда. Бирок, алардын аталаштары кытайча жазылып,түшүнүксүз. Мөөнөтү өткөн товарлар сатылат. Санитардык китепчеси жок, халаты кийбеген. Игрушка сата турган дүкөндө жей турган нерселерди сатат. Санэпидстанция 1-жолу келди мурун келген эмес.Кыргызча, орусча жазуусу жок кытай сок-у сатылууда. Жейби, ойнойбу котормосу жок. эч кандай жазуусу жок нерселерди да сатышууда.

«Аль-Мадина»  базарында төрт жерде  эт  сатуучу  касаптар  бар.  Эт  саткан  жерде  клеймалары  басылган  сертификаттары  бар.

«Океан» дүкөнүндө эт азыктары сатылат. Алардын сертификаттарынын мөөнөтү өткөн. 0,ңкг эттин фаршынын 80 сом болгону күмөн жаратат.

Бул базардагы азыктулук саткан дүкөндөрдө товарларды дүкөндүн сыртына чыгарып, күн тийген жерге коюп сатышат. Жерден 20 см бийиктикке коюу боюнча талап биринде да аткарылбайт жана сатуучуларынын биринде да санитардык китепче жок.

Чынбердиевге (Сүйөркуловго) тиешелүү болгон жети кантейнердин сатуучуларынын биринде да санитардык китепче жок.

“Аль-Мадина” базарынын алдындагы Чехов көчөсүндө жайгашкан соода түйүндөрүндө рулет, шоколад, туз ж.б. азык-түлүктөр сыртта  адамдар өтүүчү жолчого чейин чыгарылып сатылат. Өткөн жылкы эскертүүлөрдөн кийин күн тийбестиги үчүн үстүндөгү навеске ар кайсы жеринен жыртылып  калган материалдарды улап тосулуп, шаардын борборундагы көрүнүштү начар абалда болуусуна өбөлгө жаратылган.

Сатуучуларда сырттан келген продукциялар – печенье, макарон, шербет, суусундуктарга сертификаттар жок. Ошондой эле, бул жерде да азык-түлүк менен биргеликте жуугуч каражаттар аралаш коюлган.

Тротуардын автоунаалар өтүүчү жол тарабында сатуучулар алма, өрүк как, банан, нан, курут сатып олтурушат. Алардын биринде да санитардык китепче жок. Алар мэрияга акча төлөшөөрүн айтышты. Бирок, кардарлардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратып, ар кайсы жерде ар кандай жайгашкан соода орундарына ким тарабынан көзөмөл жүргүзүлөөрү тууралуу шаардык керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти менен муниципалдык менчикти башкаруу комитетинен сурамжылоо болгондо бири-бирине шылташып, ачык жооп айтышпады.

Жолдун жээгинде көпкөлөмдөгү акыр-чикир алынбай топтолуп турат. Арыктардын ичине көп сандаган кагаздар, семичкенин бочоктору ташталган.

Текшерүү учурунда Чехов көчөсүндө жайгашкан ашканаларда санитардык эрежелердин одоно бузулгандыгы аныкталды. Алсак, кээ бирлеринин идиштери таза жуулбай, ашпозчулар халат кийишпей тамак жасашууда, ошондой эле, ремонт иштери жүргүзүлбөгөн.

«Эман» ашканасында санитардык абалы өтө начар. Маркировка жок тамак жасоочу жери өтө кир, караңгы, мусор, кутулар аралаш, ремонту жок. Муздаткычы кир. Желелер чубалган, шыптары жарылып көчүп түшөйүн деп турат. Жабуу керек. Тамак жасоочу, сатуучу бала халат кийишбеген.

Пирожки сатуучу, шашлык сатуучу тротуарга коюп, өтүүгөтосколдук жаратууда.

«Курсанайым» ашканасында эт  азыктары  селофан  калтага  салынган, жашылчалар  жана  башка  азыктары  менен  кошо  аралаш.Санитардык  абалы  начар.Тамак  ашка  кошулуучу  эт азыктарына сертификаты  жок.

«Кыргызбай  ажы» ашканасындагы муздаткычта бардык  азыктар  аралаш  коюлган. Ашкананын  шыптары  тешик, тамчы  агып  турат.Ветеринардык-санитардык  талаптарга  жооп  бербейт.Эт азыктарына  сертификаттар  жок.

«Молочная» ашканасында тамак-ашка, самсага, эт  азыктары, жашылчалар  баары  чан  баскан полдо  даярдалат.Кийимдери, бут  кийимдери баары  аралаш, тамак  жасоого  шарты  начар, этке  сертификаты жок.

Абдугафиров Кабылжанга таандык ашкананын идиштери, таза жуулуп, тамак жасоочу жайында тазалык сакталганы менен кардарлар тамактанчу жайынын полу цемент, кир. Ремонт иштерин жүргүзүү керек.

«Кыргызбай-ажы», «Молочный» жана «Мадина» кафелеринин алды жагына кошумча салып алган навестердин жана, ошондой эле, алардан кийин жайгашкан  шаардын Ж. Бакиев көчөсүнө чейинки  дүкөндөргө, шашлык бышыруучу жайларга жана кошумча куруп алган навестерге уруксат кагаздарын текшерип, уруксат  кагаздары жок болгон дүкөн жана кафелерге  мыйзам чегинде чараларды көрүү зарыл.

Чехов көчөсүндөжайгашкан «Курсанайым» ашканасы,   Рахманкулов Мусажанга иштеткен самсакана,«Кыргызбай-Ажы» кафеси,    «Мадина» ашканасы, «Шухрат» ашканасынын шашлыкчысы, «Айым» ашканасы; К.Жуматаев көчөсүнөн «Хуршида» ашканасы, Маматов Байышка таандык ашкана, Эргешов     Сайдулла иштетүүчү шашлык бышыруучу жайдын Вахидов Азиз иштетүүчү самсакана, Лухманов   Алишер иштетүүчү шашлык бышыруучу жай, Төлөнов Айталы иштетүүчү шашлык бышыруучу жай; Пушкин көчөсүнөнАбдужалилов Абдухакимге таандык самсакана; Московская көчөсүндөгүКасимов Анварга таандык навайкана; Б.Осмонов көчөсүндөгүРавшанбеков Азизхожанын самсаканасы текшерүү учурунда айлана-четин таза кармабагандыгы үчүн жана тамак бышыруучу  жайларынын санитардык абалга жооп бербегендиги үчүн камиссия  тарабынан  АКТ түзүлүп,  Административдик камиссияга  даярдалууда.

Шаардын Москва көчөсүндөгуү уруксаты жок куруп, иштетип жаткан нан бышыруучу навайканада болду,өзүм билемдик менен уруксаты жок иштетип жаткан нан бышыруучу жайга Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан эки жолу эскертүүлөр берилген, берилген эскертүүлөргө карабастан уруксат кагаздарын алышкан эмес. Вице-мэр Т.Темирбаевдин айтуусу менен нан бышыруучу жайды шаардын прокуратурасына өткөрүп берилиши талап кылды. Шаардын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан самса бышыруучу жайдын документтерин карап чыгып тез арада жаптыруу жагы милдеттендирилди.

Касымов Анварга тиешелүү навайкананын санитардык абалы начар, иштеп жаткан столдору кир, маркировкалары жок. Андан тышкары уруксатсыз тротуарга көмүрдүн күлүн төгүп салган.

Областтык  төрөт  үйүнүн  жанында  жайгашкан  «Халал» ашканасында кызматкерлер халат  кийбестен  иштешет, бышырылган  самсанын  үстүнө  жыртылган  эски  төшөктү  жаап  коюшкан.Оокат бышырган  каанасынын  санитардык  абалы  начар. Этке  сертификаты  жок.

Областтык  оорукананын  кире  бериш  жолуна  жайгашкан  « Нооруз»  кафеси , ээси  Абдумаликов  Абдухалим, этке  сертификаты  жок, ремонт  жасоо  же  жабып  кою керек  болуп  калган.

Областтык  ооруканага  кире  бериштеги  оң  тарапта  жайгашкан  шашлык  бышыруучу  жай-Орозалиев  Атантай, самсакана – Вахипов  Азиз, кафе  «Мамат», «Матлюба»  ашканалардын  санитардык  абалы  өтө  начар,тамак  ашка  кошула  турган  эт  жана  жашылча  азыктары  баары  аралаш  турат. Этке  сертификаты  жок.

Береке  базарында  ө  эт   сатуучу  дүкөн  иштеп  жатат. Эттер  ветеринардык  көзөмөлдөн  өткөрүлгөн, ветеринардык- санитардык  талапка  жооп  берерлик,  клеймалары  басылган, ветеринардык  сертификаттары  бар.  Эки  ашкананы  жана  самсакананы  көргөнүбүздө   иштеткен эттерине ветеринардык  сертификат  алган  эмес. Ар  бир  ашкана ,самсакана  тамак  жасоо  үчүн алган  эттерине  сертификат  алып  иштетиши  милдеттүү.

 «Береке» базарынын жанындагы «Каныкей» соода борборунун жер төлөөсүндөгү Уйгур лагман сатылуучу ашканага өтө көп адамдар кирип тамактанышат. Бул ашканадагы тамак бышырылып жаткан тамак бышыруучу жайы өтө кир, казандарынын жанында отундар, кир бакалашкалар, лаза аралаш коюлган. Даяр тамактар коюлган жерде аарчыла элек продуктулар, акыр-чикир салынган челек, кап аралашып турат. Ошол эле жерде идиш да жуулат.  Аарчылган продуктулар да аралаш коюлган. Полу өтө кир, май аралашып капкара абалга келген. Өткөн жылы да дал ушундай көрүнүшкө комиссия мүчөлөрү күбө болушкан.

Ар кайсы жерлерде кичине кагаз кутуда чай, маргарин күнгө коюлуп сатылууда. Алардын сертификаттары жок.

«Береке» базарында (жетекчиси:Н. Сейитбеков) навес, чатырчалар курулуп, сатуучуларга шарт түзүлө баштаган. Бирок, бул базарда да жогоруда айтылып өткөндөй суу түтүкчөсү, канализация каралган эмес. Сатылып жаткан азык түлүктөр иретсиз, базардын киреберишинде  эл өтүүчү жолдун боюна коюлуп, кутучага салынбай, фассовкаланбай, ачык бойдон сатылат. Ошону менен бирге базардын ичинде тамак-аш сатылуучу вагондор, контейнерлер, жыгач будкалар коюлган жана аларда эч кандай шарт жок. Тамактар жерде даярдалып сатылат. Ашканаларынын баары санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт. Эт жана камыр бир столдо кесилет жана кардарлар отуруучу столдордо камыр жайылат.

Азык-түлүк дүкөндөрүндө макарондор, туз, ун, ж.б. нерселер жерге коюлуп сатылууда. Ошондой эле, көпчүлүк дүкөндөрдө мөөнөтүнөн өтүп кеткен азыктар да кездешет.

Береке  базарында  төрт  эт   сатуучу  дүкөн  иштеп  жатат. Эттер  ветеринардык  көзөмөлдөн  өткөрүлгөн. Бирок,эт сатылуучу дүкөндөр жолдун боюнда жайгашкандыктарына карабастан эттерин тор менен жабышпаган. Сатуучулардын санитардык китепчелери жок. Эт сатылып жаткан жердин алдында кум төгүлүп турат. 

Соода  түйүндөрүнүн ортосунан элдер жүрүүчү    жайларга товарларды чыгарып алышкандыктан,  өрт өчүрүүчү машиналары өз убагында кирүүгө  жана   өрттү өчүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок,  өрт  өчүрүүчү шаймандар толук эмес,  энергетика коопсуздугу боюнча иш  алып барылбайт,   мантаждалган электр зымдары,  куту, патрон,  розеткаларды иретке келтирүү зарыл, соодагерлер менен экологиялык жана  техникалык коопсуздук боюнча иш алып барылбаган  жана  чогулуш өткөрүлүп протоколдоштуруп,  ар бирине жоопкерчилик жүктөлгөн эмес.

Базардын аймагы санитардык эрежелерге ылайык тазаланбаган.  Бардык жерлерде кагаздар ташталып, акыр-чикир салынган челек, кутулар көз көрүнөө ачык турат.

Өрт коопсуздугу, электр энергия коопсуздугу боюнча талаптар толугу менен аткарылган эмес жана соодагерлерге инструкциялар түзүлүп жеткирилбеген.

Экологиялыккоопсуздук боюнча да иш чара түзүлгөн эмес,  базардын аймагына бир да көчөт тигилбеген, анын ордуна базарком соода орундарын   көбөйтүү менен алек.

Өрт кырсыгы жана жер титирөө боюнча коопсуздук сакталбагандыктан, базардын ичинен чыгып кетүү, сактануу боюнча иштер жасалбаган, Береке базарынын аймагына норма боюнча өрткө каршы калкандар орнотулган эмес жана алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандар менен норма боюнча толукталган эмес.

Ушундай эле көрүнүш борбордук, «Аль-Мадина»,«Манас»,  базарларында да орун   алган.

«Манас» акционердик коомунун базарында (жетекчиси Н.Казакбаев) негизинен мөмө-жемиш, жашылчалар сатылат. Навес, чатырчалар курулуп, сатуучуларга шарт түзүлгөн. Бирок бул базарда да суу түтүкчөсү жок, сатылып жаткан азык-түлүктөр ирээтсиз, базардын киреберишинде эл өтүүчү жолдун боюна коюлуп, кутуларга салынбай ачык бойдон жерге коюлуп сатылат.

Жалал-Абад  шаардык  ветеринардык  жана  фитосанитардык коопсуздук  башкармалыгынын көзөмөлүндө турган “Байэл-2” мал союучу жайында, “Келечек” ААКнун “Бурулсун-2” филиалынын аймагындагы мал сойуучу жайында, Спутник кичи шаарчасындагы мал союучу жайында, Абдырахманов көчөсүндөгү колбаса чыгаруучу цехтин абалы ветеринардык-санитардык  талапка  жооп  берет. Оорчундуу  мыйзам   бузуулар  аныкталган  жок. Баел-2  мал  союлуучу  жайдын  ветеринардык  адиси  Байматов  Миталдин  өздүк  медициналык китепчеси жок  болуп, медициналык  көзөмөлдөн  өткөн  эмес. Бул жайларда баштапкы өрт өчүрүүчү  каражаттар менен толук кандуу   жабдылбаган, имаратындагы электр чубалгылары иретсиз абалда, имараттын чатырчасындагы жыгач конструкциялары атайын күйбөөчү химиялык курамдар менен ширетилбеген.

Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан 3 ресторан «Бишкек», «Байруха», «Ак-Бата» ресторандары жана “Курманбек баатыр” атындандагы кыргыз-түрк балдар лицейи текшерилди.

«Бишкек» рестораны эки  кабаттуу атайын ынгайлаштырылган  имаратта жайгашкан, таза ичүүчү суу жана канализациялык системасы шаардык таза ичүүчү суу камсыздоочу системага жана канализациалык системага туташтырылган.

Биринчи  кабатында тамактануучу зал, тамак бышыруучу бөлүмү, идиш аяк жуучу бөлмө, жана  чийки азык-түлүктөр сакталуучу кампа жайгашкан, экинчи  кабатында тамак ичүүчү зал, администратордун  бөлмөсү  жана  банкет залы жайгашкан . Биринчи жана экинчи кабатта жайгашкан бөлмөлөрдүн ичтеринде толук капиталдык ремонттор жүргүзүлгөн жана керектүү  шаймандар  менен камсыз болгон ( стол,стул ж.б) ,идиш аяк жуулучу  бөлмөдөүч көздүү  ванналар орнотулган жана  ошондой  эле «Аристон» жылыткычы  аркылуу ыссык  суу  менен  камсыз болгон.

Ошондой  эле, залалсыздандырулуучу  заттар  менен камсыз  болгон, негизинен идиш-аяк жуучу талаптар сакталат, текшерүү  учурунда идиш-аяк жуучу кызматткер санитардык кийими  жок иштеп  жаткан, Ал жерге тамак-аштын калдыкчалары толтура салынган идиш коюлуп. Бул жагымсыз абалды жараткан. Ашканада  иштеген  кызматкерлер атайын санитардык  кийимчелер  менен  камсыз болгон  жана медициналык кароодон өтүшкөн. Ал эми официанттардын атайын формасы жана санитардык китепчелери жок.

«Байруха» кафеси бир кабаттуу атайын ынгайлаштырылган имаратта  жайгашкан, ошондой  эле, борборлоштурулган суу түтүкчө жана канализациалык  система  менен камсыз болгон жана  шаардык  системага туташтырылган.

60 орунга ылайыкташтырылган тамактануучу  зал, эки  идиш жуучу бөлмө, тамак  бышыруучу  бөлмө, чийки азык-түлүктү тазалоочу бөлмө, чийки этти даярдоочу  бөлмөлөр  жайгашкан. Бөлмөлөрдүн  ичинде косметикалык  ремонт  иштери  жүргүзүлгөн (актоо  жана сырдоо иштери), ошондой эле, тамак аштарды жасоочу  столдор, тактайчалар, бычактар маркировкаланган.

Идиш-аякты жуучу бөлмөлөрүндөүч көздүү ванналар  орнотулган, аристон жылыткычы  аркылуу ысык  суу  менен  камсыз болгон,  идиш жуучу бөлмөдө 2 идиш-аяк  жуучу жумушчу  иштейт, текшерүү  учурунда эки жумушчу атайын  санитардык кийимсиз  иштеп  жатышкан, бөлмөдө дезинфекциалык режим сакталат идиш-аякты залалсыздандыручу заттар  менен камсыз  болгон.

 Кафеде  баардыгы  болуп 14 киши иштейт алардын  11 медициналык  кароодон өтүшкөн,  ал эми 3 өтө элек,  аларга эскертүү  берилди жана 3 күндө өтүүгө  убакыт  берилди.

“Курманбек баатыр” атындагы кыргыз-түрк лицейинин ашканасы окуу корпусунун биринчи этажында  жайгашкан борборлоштурулган  суу түтүкчөсү  менен  камсыз  болгон жана ичиндеги бөлмөлөр косметикалык  ремонттон өткөн, чийки азык-түлүктөрдү даярдоочу бөлүмүндө столдор, тактайчалар  жана  бычактар маркировкаланган, идиш  жуучу бөлмөсүндө идиш-аякты  жууй  турган атайын аппарат орнотулган, аппаратка атайын идиш-аякты  жууй турган залалзыздандыруучу эритмелер кошулат жана идиш жетимиш градус  ысык сууда жуулат, андан кийин кургатылып, тамак куюга  берилет.

Борбордук базарды эсепке албаганда дээрлик бардык соода түйүндөрүндө, өзгөчө тамак-аш сатуучу жерлерде, ашканаларда иштеген кызматкерлердин санитардык кароодон өткөн китепчелери жок болуп чыкты.

Бардык ашканаларда санэпид. Көзөмөлдөө борборунан көрсөтмөлөр боюнча тиешелүү иш кагаздары, ветеринардык  сертификаттары  жок болуп чыкты. Бул жагдай санэпид. Көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин кош көнүлдүк менен мамиле жасагандыгынан улам келип чыккан. Текшерүү учурунда аталган мекеменин кызматкери Халдаров эмнени кантип  текшерүү керек экендигин да билбейт. Комиссиянын тең төрагасы жана башка мүчөлөрү тарабынан санитардык китепчелерди, идиш жуунун эрежелерин текшерүү боюнча көрсөтмөлөр берилгенден соңгана аларды аткарып жатты.

Шаар боюнча бардык ашканалар, самса, манты бышыруучу жайлар баштапкы өрт өчүрүүчү  каражаттар менен толук кандуу   жабдылбаган, имараттын чатырчасындагы жыгач конструкциялары атайын күйбөөчү химиялык курамдар менен ширетилбеген. Көпчүлүк кафе жана ашканаларда электр чубалгылары ирээтсиз жана электр розеткалары ачык абалда.

 

Эт шаардын ар кайсы жеринде сатылып жатат: чоң жолдордун жээгинде, базарларда. Мындай чар-жайыт түйүндөрдү тиешелүү деңгээлде текшерүү абдан кыйын. Ошондуктан, калктын ден-соолугуна кам көрүп, сатуучуларга жана керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт жаратуу үчүн этти жана эттен жасалган азыктарды борборлоштурулган жабык павильондун ичинде сатууну уюштуруу – бул учурдун талабы.

Ал эми азык-түлүк сатуучу дүкөндөрдө, түйүндөрдө сатуучунун ордуна туугандары тиешелүү эрежелерди бузуу менен иштешет: халат кийишпейт, санитардык китептери жок. Эч кайсы суроого жооп бере алышпайт.

Шаар аймагында жайгашкан базарлардын, ашканалардын жана соода түйүндөрүнүн санитардык-гигиеналык жана санитардык-техникалык абалы толук кандуу талапка жооп бербегендигинин кесепетинен калк  арасында түрдүү ичеги-карын, ич-келте, сарык ооруларынын таркалышы анык.

2014-жылы жугуштуу оорулар  менен катталган оорулуулардын жалпы саны 2013-жылга салыштырмалуу аз катталганы менен тепме, диарея, энтерит оорулары боюнча оорулуулардын саны 201ө-жылы көп болду.

Жалал-Абад шаардык ОАА жана МСЭКБ-ру 2015-жылдын башынан   бери баардыгы болуп 140 обьект текшерилди  алардын  ичинен 20 бала-бакча, 19 орто мектеп, 16 медициналык мекемелери, мындан сырткары 85 жеке менчик ишканалар алардын  ичинен 28 чач-тарачкана,15 жеке менчик медициналык мекемелер, 43 коомдук тамактануучу  жайлар.  Текшерүүнүн  жыйынтыгы  боюнча  мекемелердин жетекчилерине 17 санитардык көрсөтмөлөр берилди санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн 18 адамга 17000 сомго айып  салынды, 10 обьект убактылуу  ремонтко жабылды жана 13 киши убактылуу иштен четтетилди.  

Азыркы күнү көзөмөлдө турган азык-түлүк жана тамак-аш саткан дүкөн жана ашканаларды Кыргыз Республикасынын “Жеке ишкердикти текшерүүнүн тартиби жөнүндөгү” 2007-жылдын 25-майындагы №72 сандуу мыйзамынын жана “Жеке ишкердик субъектилерин текшерүүнүн тартиби жана көзөмөл жүргүзүүчү органдардын көзөмөл жүргүзүүчү органдардын тизмеси тууралуу” 2007-жылдын 6-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №533 сандуу токтомунун негизинде шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасынын бир жылда бир жолу гана текшерүүгө укуктары бар. Ал текшерүү дагы Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу Жалал-Абад областындагы өкүлүнөн (Р. Шараповдон) жолдомо бир ай мурда алынып жана текшериле турган объектке 10 күн мурун эскертүү берилип, текшерилүүчү объекттин жетекчисинин макулдугу менен гана текшерүү жүргүзүлөт. Ошондуктан, аталган текшерүүчү мекемелердин алып барып жаткан иштери жетишсиз болууда. Бул маселе өткөн жылы да мэриянын Аткаруу Комитетинин отурумунда көтөрүлүп, 31.03.201ө.,№112-кт «Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан тамак-аш жана соода-сатык мекемелеринин  санитардык абалы  жана жаз, жай мезгилдеринде иштөөгө даярдыгы жөнүндө” токтому чыгарылып, анын негизинде шаардык мэрия тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жана өкмөтүнө ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун текшерүүлөрүн  көбөйтүү боюнча кайрылуу жолдонгон. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жооп болбогон.

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык

эпидемалогиялык көзөмөлдөө борборунун жана мэриянын алдындагы Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин сунушу менен  көчөлөрдүн тратуарларына куруп алган самса, шашлык сатылып жаткан мыйзамсыз объектилерге  тыюу салуу үчүн токтом долбоору даярдалып сессияга сунушталсын;

     2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин башчысы  М. Солтоевге:

- шаардын аймагында жайгашкан базарларда, ашканаларда жана соода-түйүндөрүндө санитардык-гигиеналык жана санитардык-техникалык абалына көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, азык-түлүк  продукцияларын сатууда тиешелүү шарттарды жаратууда талаптагыдай иш алып барбагандыгы жана олуттуу кемчилдиктердин орун алышына жол бергендиги үчүн тиешелүү базар башчыларына тартиптик чара көрүү;

- кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча атайын семинар-кеңешме уюштуруп, иш-чаралар планын түзүп, аткарууга алуу жана жыйынтыгы боюнча бир айлык мөөнөттө мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнө маалымат берүү;

- сатуучуларга жана керектөөчүлөргө тиешелүү шарттарды жаратууну уюштуруу, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

- Мал жандыктарынын терилерин шаар ичинде сатып алууга жана сатуугу тыюу салынсын, шаардан четки жерден алууга болот, көзөмөлдөө жагы Керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү депатаментине милдеттендирилсин.

     3. Базарлардын жана соода түйүндөрүнүн жетекчилерине:

- кызматкерлердин баарынын санитардык кароодон өтүүсү жана халат, фартуктарды         дайыма кийүү;

- тазалыкты биринчи орунга коюу;

- товарлардын мөөнөттөрүнө өзгөчө көңүл бөлүү;

- өрт өчүрүүчү машиналарга өрттү убагында өчүрүү  үчүн, базарлардын ичиндеги жайгашкан  жолдорду  толугу менен ачуу жана бошотуу зарыл.

- өрт өчүрүүчү шаймандарды толуктоо;

- имараттарда санитардык эрежелердин нормаларын сактоо жана элдердин ден соолугуна зыян келтирбөө максатында жана сатылуучу товарлардын сапатын сактоо үчүн, пластиктен болгон  шып,  айнек, терезелер жана  башка жабдуулар орнотулган жерлерде абаны өз убагында тазалоо максатында вентиляциялык шахталар жана аба тазалоочу шаймандар орнотулушун камсыз кылуу;

- имараттардын конструкцияларын сактоо жана санитардык эрежелерди камсыз кылуу максатында:

а)  темир конструкцияларын коррозияга учуратпоо үчүн сырдоо  жана    жыгач             конструкциялары толугу менен   атайын  суюктук   менен сырдоо;

б)  товарлардын  сапатынын начарлоосуна алып келбөө, соодагерлерге имараттын  ичинде  жүрүүгө тоскоолдук  жаратпоо жана  элдерге соода жүргүзгөнгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында товар сакталуучу полкаларды санитардык жана курулуш, өрт коопсуздугун,  энергетика коопсуздугун сактоо менен ынгайлаштыруу;

4. Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасынын башчысы М. Исмаиловго:

- шаар аймагында жайгашкан базарларда, соода-түйүндөрүндө сатылып жаткан жана ашканаларда пайдаланып жаткан эт, сүт жана башка азыктарды колдонууда ветеринардык санитардык эрежелердин сакталышын толук көзөмөлгө алуу;

- ашканаларда жасалып жаткан тамак-аштарга пайдаланылган айыл чарбасынан алынган эт, сүт жана башка азыктар ветеринардык көзөмөлдөн өткөндөн кийин сапат сертификатын берүүнү күчөтүү милдеттендирилсин.

- Сүт азыгын текшерүү үчүн лаборатория ачуу сунушун шаардык мэрияга жана шаардык кеӊешке тапшырсын;

5. Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери У.Жоробаевге:

- шаар аймагында жайгашкан базарларда, соода-түйүндөрүндө азык-түлүк продуктыларын сатууда санитардык гигиеналык, санитардык-техникалык ченемдердин жана эрежелердин аткарылышын тиешелүү денгээлде көзөмөлдөө эскертилсин.

Чехов көчөсүндө жайгашкан «Курсанайым» ашканасы,   Рахманкулов Мусажанга иштеткен самсакана,   «Кыргызбай-Ажы» кафеси,    «Мадина» ашканасы, «Шухрат» ашканасынын шашлыкчысы, «Айым» ашканасы; К.Жуматаев көчөсүнөн «Хуршида» ашканасы, Маматов Байышка таандык ашкана, Эргешов     Сайдулла иштетүүчү шашлык бышыруучу жайдын Вахидов Азиз иштетүүчү самсакана, Лухманов   Алишер иштетүүчү шашлык бышыруучу жай, Төлөнов Айталы иштетүүчү шашлык бышыруучу жай; Пушкин көчөсүнөн Абдужалилов Абдухакимге таандык самсакана; Московская көчөсүндөгү Касимов Анварга таандык навайкана; Б.Осмонов көчөсүндөгү Равшанбеков Азизхожанын самсаканасы текшерүү учурунда айлана-четин таза кармабагандыгы үчүн жана тамак бышыруучу  жайларынын санитардык абалга жооп бербегендиги үчүн комиссия  тарабынан  АКТ түзүлүп,  Административдик камиссиянын отурумунда кароого  даярдоо милдеттендирилсин.

     6. Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Б.Джусупбековго:

- Б.Джусупбеков менен базар.ком К.Усеновго борбордук базардын эт саткан бөлүгүнүн ичинен же болбосо жакын жайгашкан жеринен  Ветеринардык кызматынын эт текшерип көрүүсү үчүн жер таап берүү же ижарага болсо да кароо жагы милдеттендирилсин.

- Шаардын Москва көчөсүндөгү уруксаты жок куруп, иштетип жаткан нан бышыруучу навайкананын ишиншаардын прокуратурасына өткөрүп берүү;

- Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан самса бышыруучу жайдын документтерин карап чыгып тез арада жаптыруу жагы милдеттендирилди.

     7. Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси  Б.Жунусалиевге:

- базарлардагы экологиялык жана өрт коопсуздуктарын жакшыртуусун катуу көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.

     8. Депутаттардын шаардык кенешинин жана Мэриянын аппаратына:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Өкмөтүнө, Экономика Министрлигине азык-түлүк жана тамак-аш сатуучу соода түйүндөрүнүн санитардык-гигиеналык жана санитардык техникалык абалын чейрек сайын текшерүүгө уруксат берүүсүн жана айып пулдардын суммасын көтөрүүсүн суранып, кайрадан кат жолдоо жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн. 

- Борбордук базардын алдында сатылып жаткан  тамак-аштарды сатууга тыюу салынгандыгын жеткирүү үчүн комиссия түзүү жагы социалдык бөлүмдүн башчысы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин;

     9. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык, укуктук  маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына, биринчи вице-мэр Т.Чойбековго, вице-мэр Т. Темирбаевге жүктөлсүн.