Редакцияот 14.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-апрели № 4

Жалал-Абад  шаарындагы жаӊы көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө

     Жалал-Абад шаардык кеӊешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча жобосун жана  социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Н.Эрматовдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XХII-сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарындагы Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан Качыкынчы айылындагы жаӊы көчөлөрдүн бирине Малабаев Кыргызбектин ысымы ыйгарылсын.

2. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан  Качкынчы айылындагы жаӊы көчөгө Кадыркулов Жамантайдын ысымы ыйгарылсын.

3. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан  Төш-Кутчу айылындагы жаӊы көчөгө Борончиев Нурахматтын ысымы ыйгарылсын.

4. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан  Качкынчы айылындагы жаӊы көчөгө Эгембердиев Закирдин ысымы ыйгарылсын.

5. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан  С.Жээнбеков айылындагы жаӊы көчөгө Кайыпов Орозалинин ысымы ыйгарылсын.

6. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан  Кыргызстан айылындагы жаӊы көчөгө Асанов Авлездин ысымы ыйгарылсын.

7. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан  Котур-Каман айылындагы жаӊы көчөгө Абдыллаев Айтбек Кадырбековичтин ысымы ыйгарылсын.

8. Жалал-Абад шаарынын архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жогорудагы көчөлөрдү тактап, Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментине аншлагдарды илүү үчүн такталган маалыматты берүү жагы милдеттендирилсин.

9. Жаӊы ысым ыйгарылган көчөлөргө аншлагдарды даярдоо жана илүү Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментине (А.Нуркулов) милдеттендирилсин.

10. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын  Адилет министрлигине мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жагы  шаардык кеңештин жооптуу катчысына  (Б.Беркбаева)  милдеттендирилсин.

11. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

12. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  

Төрага

                         Н. Нишанов