Редакцияот 14.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-апрели № 5

Жалал-Абад  шаардык кеӊешинин XIX-сессиясынын № 2-токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Н.Эрматовдун Жалал-Абад шаарынын аймагында турак-жай кыймылсыз мүлкүн сатууда жана сатып алууда коммуналдык кызматтардын төлөнгөндүгү туралуу толук маалымат алуу үчүн кыдырма баракча киргизүү жөнүндө баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXII -сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIX–сессиясынын № 2-токтомунун 1–пункту төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын: «...Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында кыдырма баракчасынын үлгүсү №2-тиркемеге ылайык бекитилсин».

2. Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын башчысына (Т.Эгембердиев) калк арасында кыдырма баракчасын киргизилгендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын  Адилет министрлигине мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жагы  шаардык кеңештин жооптуу катчысына  (Б.Беркбаева)  милдеттендирилсин.

4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Эрматовго) жүктөлсүн.

5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

                         Н. Нишанов

 

 

 

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXII-сессиясынын

№___-токтомуна № 2-тиркеме

 

Жалал-Абад шаарынын аймагында коммуналдык төлөмдөргө карыздардын жоктугун тактоочу «Кыдырма баракчасынын» үлгүсү

 

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы «______________» аймактык башкаруусу

 

КЫДЫРМА БАРАКЧАСЫ

Аты, жөнү _______________________________________

Дареги __________________________________________

Берилген күнү «___» _________________ 201__-жыл.

 

№

Мекеменин аталышы

Күнү

Колу, мөөрү

1.

Электр энергиясын сатуу ишканасы

 

 

2.

Ичүүчү  суу

 

 

3.

Жер үлүш салыгы

 

 

4.

Там арка салыгы

 

 

5.

Сугат суу

 

 

6.

Жер ижара акысы

 

 

7.

Аймактык башкаруу