Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-апрели № 6
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXI-сессиясынын № 4-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кенешинин кезектеги XXII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2016-2017 жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө» шаардык кеңештин 2015-жылдын 5-мартындагы № 4-токтомунун 13-пункту техникалык каталыктар менен бекитилгендиги эске алынсын.
2. «Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2016-2017 жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө» шаардык кеңештин 2015-жылдын 5-мартындагы № 4-токтомунун № 13–пункту төмөндөгү № 17, №18, №19, №20-тиркемелер менен толукталсын жана кызматтык пайдалануу үчүн колдонула тургандыгы белгиленсин. Штаттык бирдиктерин тактоо жагы тиркемелерде аталган мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин (КПҮ)».
3. Шаардык бюджеттин эсебинен ар бир мугалимге ай сайын коммуналдык чыгымдарын компенсациялоо үчүн 300 сомдон төлөнүп берилүүчү каражаттын эсебинен салык жана социалдык фондго чегерилүүчү каражаттар кармалуу жагы белгиленисин.
4. Керек жарак рыногу жана кызмат көрсөүү департаментинин атайын эсебинде 282 «Учурдагы ар түрдүү башка чыгашалар» беренесинде каралган каражаттын эсебинен 150,0 миң сом акча каражаты № -3 Р. Санатбаев атындагы спорт мектебине бөлүнүп берилин.
5. Керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин атайын эсебиндеги шаардык кеӊештердин арасында кичи-футбол боюнча турнир өткөрүү үчүн каралган 500,0 миӊ сом акча каражатынын эсебинен 350,0 миӊ сом акча каражатын Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасына керектүү буюмдарын алуу үчүн бөлүп берүү жагы милдетендирилсин.
6. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 15-беренелерине ылайык бюджеттик классификацияга ылайык бюджеттик мекемелердин сметалык чыгымдардын максаттуу багытын өзгөртпөй беренелер арасында жылдырып берүү укугу шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
7. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасына КР эмгек кодексинин негизинде жумасына 6 жумушчу күн графиги киргизүүгө уруксат берилсин.
8. Шаардык кеңештин 2015-жылдын 5-мартындагы № 4-токтомунун № 5, № 6, № 7, № 8, № 9, № 10, № 11, № 12, № 13, № 14, №15, № 16, № 17, №18, №19, №20 –тиркемелери аркылуу бекитилген мекеме-ишканалардын жергиликтүү бюджеттен кошумча үстөктөрү 2015-жылдын 1-январынан төлөп берүүгө милдеттендирилсин.
9. Шаардык кеңештин 2015-жылдын 5-мартындагы № 4-токтомунун №20-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «Бала бакчаларга сатылып алынган тамак аштарды бала бакчаларга түшүрүлгөн күнү түзүлгөн комиссиянын текшерүүсүнөн кийин тамак-аштарды пайдалануу жагы билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
10. Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментинин атайын каражаты 280,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментинин чыгым сметасынын үнөмдүү пайдалануунун эсебинен айдоочу 1 штат бирдикти кароого уруксат берилсин.
12. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрү 100,0 миӊ сом болуп бекитилсин.
13. Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюууга катышкан Жалал-Абад шаарынын тургундарына бир жолку төлөнүүчү жөлөк пулун ар бир катышуучуга 2,0 миӊ сомдон жалпысы 56,0 миӊ сом акча каражатын Кайрымдуулук Борбору аркылуу төлөп берүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
14. Шаардык кеңештин 2015-жылдын 5-мартындагы № 4-токтомунун 11-пункту толугу менен жокко чыгарылсын.
15. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
16. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
17. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Нишанов |