ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-апрели № 7
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине объектини кабыл алуу жана муниципалдык менчигиндеги кээ бир мүлктөрүн оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 12.02.2015-жылдагы №148, 09.02.2015-жылдагы чыг.№130, 21.02.2015-жылдагы чыг.№205 жана 11.03.2015-жылдагы чыг.№286-каттарыны шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсүнүн 12а дарегинде жайгашкан жүргүнчүлөр транспортторунун агенттигинин имаратын Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине алууга уруксат берилсин жана муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына объектини өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгына караштуу 162 гектар сугат, 73 гектар чөп орук , 24 гектар кайраакы жана 2 гектар бак-дарактар жалпысы 261 гектар кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин (ФПС) Т.Тайгараев атындагы АБна оперативдүү пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова көчөсүндө жайгашкан Борбордук базарынан жалпы аянты 0,88 гектар болгон жер аянтын Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы Нооруз паркын жана Индустриальный көчөсүндөгү Экологиялык паркты Жалал-Абад шаарынын Жашылдандыруу чарбасына оперативдик башкарууга өткөрүлүп берилсин.
5. Жалал-Абад шаардык Жашылдагндыруу чарбасынын жетекчисине (Р.Жумабаев), керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директоруна (М.Солтоев) жана Т.Тайгараев атындагы АБнын башчысына (Т.Эгембердиев) оперативдүү башкарууга берилген мүлктөрдү сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Нишанов |