Редакцияот 14.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-апрели № 9

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын “Жалал-Абад шаарынын аймактарды абаттоо жана жашылдандыруу боюнча Жобосун” бекитүү жөнүндө

     Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын 16.03.2015-жылдагы чыг.№ 193-катынын негизинде жана шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Н.Эрматовдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жалал-Абад шаарынын аймактарын абаттоо жана жашылдандыруу эрежелери боюнча Жобо бекитилсин.

2. Жалал-Абад шаарынын аймактарын абаттоо жана жашылдандыруу эрежелери боюнча Жобосун аткаруу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын  Адилет министрлигине мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жагы  шаардык кеңештин жооптуу катчысына  (Б.Беркбаева)  милдеттендирилсин.

4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

                       

Төрага

                Н. Нишанов