Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-апрели № 10
Жалал-Абад шаардык Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы тарабынан куураган бак-дарактардын отундарын сатууга уруксат берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын 21.01.2015-жылдагы чыг.№ 10-катыны шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын 02.04.2015-жылдагы кеӊейтилген жыйынынын чечиминин негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын жетекчиси Р.Жумабаевдин маалыматын угуп, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын атайын эсебине түшүүчү каражаттардын киреше бөлүгүнүн тарифтерин иштеп чыгып, шаардык кеңешке сунуштоо жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы тарабынан куурап калып кыйылган бак-дарактарды Жалал-Абад шаардык калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын берген тизмесине ылайык аз камсыз болгон жарандарга жана майыптарга акысыз отун берүүгө уруксат берилсин жана андан ашкан отунунун баасы 1м3 600 сом өлчөмүндө бекитилсин жана сатууга уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын жетекчисине (Р.Жумабаев) отунду сатуудан түшкөн акча каражатын мекеменин атайын эсебине түшүрүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Нишанов |