Редакцияот 14.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-апрели № 11

 Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 16.03.2011-жылдагы XVII-сессиясынын № 12-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 26.11.2014-жылдагы чыг.№ 4-3/1810-катыны шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын 02.04.2015-жылдагы кеӊейтилген жыйынынын чечиминин негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХII-сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 16.03.2011-жылдагы кезектеги XVII-сессиясынын №12-токтомунун 3-жана 4-пункттары жокко чыгарылсын.

2. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан сырткы жарнактарга уруксат берүүнүн бир жылдык наркы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жалал-Абад шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо ирети №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) өз ишмердүүлүгүндө ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

7. Ушул токтом 2015-жылдын 1-май айынан тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

                Н. Нишанов