КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-апрели № 68/19-6
“Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө аймактык башкармалыктарына ветеринардык штаттык бирдик ачып берүү жөнүндө”
Кара-Көл шаардык статистика бөлүмүнүн берген маалыматтары боюнча жылдан жылга айыл чарба жана үй жаныбарларынын саны өсүп 2014-жылдагы мал санактын жыйынтыгы менен 2015-жылдын 1-январына жылкы-10175 баш, кара мал-3723 баш, майда жандыктар-21301 баш, канаттуулар-9438 баш, ит-мышыктар-964 баш катталган. Шаардык ветеринардык бөлүмүндө эки ветеринардык адис жогорудагы айыл чарба жаныбарларынын өтө жугуштуу оруулардын алдын- алуу, эмдөө, дарылоо ветеринардык-санитардык иш чараларды жүргүзүшөт. Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө аймактык башкармалыктарына бирден ветеринардык штаттык бирдик ачып берүү боюнча Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин 2015-жылдын 10-мартындагы чыг.№06-7/395, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору С.К.Осмоналиевдин 10.03.2015-ж. №02-1/0524 сандуу каттарын, Кыргыз Республикасынын 30.12.2014-ж. “175 “Ветеринария жөнүндө” мыйзамынын 4 жана 27- беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18, 41 беренелерин жетекчиликке алуу менен Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө аймактык башкармалыктарына бирден ветеринардык штаттык бирдик ачып берүүгө макулдук берилсин.
- Шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы (Осмонкулов Ж.Т.) Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө аймактык башкармалыктарына штаттык бирдиктерин түзүп айлык акыларын эсептеп чыксын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Койчиев М.Д) ал эми көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Бегалиева Ж.Ч.) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |