Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 62/18-6
“Жарандык коомчулукту колдоо үчүн GIZ долбоорунун каржылоосу менен “Муниципалдык социалдык табыштаманын негизинде жергиликтүү жамааттын артыкчылык берилген маселелерин чечүү үчүн БӨУ менен ЖӨБ органдарынын кызматташтыгы” аттуу долбоорун аткаруу жана шаардык мэриянын “атайын каражаттары” эсебине тактоолорду киргизүү жөнүндө”
Жарандык коомчулукту колдоо үчүн GIZ фондунун каржылоосу менен “Муниципалдык социалдык табыштаманын негизинде жергиликтүү жамааттын артыкчылык берилген маселелерди чечүү үчүн БӨУ менен ЖӨБ органдарынын кызматташтыгы” долбоорунун алкагында, шаарыбыздын аймагында каттоодо турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын дараметине жараша билим алуусуна шарт түзүү максатында аткарылып жаткан иштер боюнча шаар мэри М.Д.Койчиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин жарандык коомчулукту колдоо үчүн GIZ фондунун каржылоосу менен “Муниципалдык социалдык табыштаманын негизинде жергиликтүү жамааттын артыкчылык берилген маселелерди чечүү үчүн БӨУ менен ЖӨБ органдарынын кызматташтыгы”долбоорунун алкагында шаарыбыздын аймагында каттоодо турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын дараметине жараша билим алуусуна шарт түзүү боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык мэриянын “атайын каражаттар” эсебине (специальные средства) жарандык коомчулукту колдоо үчүн GIZ фонду тарабынан каржыланган1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты Өнүктүрүү саясат институту аркылуу 4 транш менен түшүүсү белгиленсин.
3. Шаардык каржы бөлүмү (Ж.Т.Осмонкулов) жарандык коомчулукту колдоо үчүн GIZ фонду тарабынан каржыланган 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын шаардык мэрия жана Өнүктүрүү саясат институту менен түзүлгөн эки тараптуу гранттык келишимдин негизинде мэриянын атайын каражаттар эсебине кириштөө боюнча тактоолорду (уточнения) киргизсин.
4. Кара-Көл шаарынын мэриясы жана социалдык заказды аткаруучу “Аймира” коомдук фондунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде “Чужих детей не бывает” долбоордук сунушу мэриянын “атайын каражаттар” эсебинен 1000 000 (бир миллион) сом акча каражаты 4 транш менен каржылансын.
5. Бул токтомдун аткарылышы Кара-Көл шаарынын вице-мэри Г.О. Сатаровага жүктөлсүн.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Бегалиева Ж.Ч.) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |