Редакцияот 29.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылышы)  кезексиз  ХХ- сессиясы

 

2015-жылдын 29-апрели № 20/3

Көк-Жаңгак шаарында 9-май майрамы жөнүндө жана арыздар  боюнча

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары коюлган маселелерди карап талкуулап   (VI чакырылышы  кезексиз  ХХ- сессиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Көк-Жаңгак шаарында  улуу жеңиштин 70-жылдык майрамынын урматына Көк-Жаңгак шаардын мэриясынын иш программасы  жактырылып Көк-Жаңгак шаарында 9-май 2015-жылы жеңиш парад өткөрүү жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

2.Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер борборунун, Көк-Жаңгак шаарынын тургуну А.Исаевдин жана Көк-Жаңгак шаарынын «Эски Көк-Жаңгак» кварталынын жашоочуларынын арыздарын шаардык  кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика  мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комисиянын чечиминин негизинде жана Кыргыз Республикасынын  № 571  21.09.2011-жылдагы токтомунда көрсөтүлгөндөй  аткарылыш жагы Көк-Жаңгак шаардык  туруктуу жер комиссиясына тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көзөмөлдө жагы Көк-Жаңгак шаардык кенештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.           

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

К. Курбанов