Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-январы № 4
«Акман айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө»
Акман айылдык кеңешинин төрагасы А. Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Акман айылдык кенешинин сессиялары Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын 14,31-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеннешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 28-июнундагы З N 830-II сандуу токтому менен бекитилген кыргыз тилин жазуу эрежелеринин талаптарына ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесине ылайык расмий жарыялоо жана адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Акман айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Маматкулов |