Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-апрели № 1
«Жалал-Абад шаарында 9-май Жеӊиш күнүнө карата өткөрүлгөн марафондон түшкөн акча каражатын чыгымдоосун бекитүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 24.04.2015-жылдагы № 4-3/752-катынын негизинде Жалал-Абад шаарында 9-Май Жеӊиш күнүнө карата өткөрүлгөн марафондон түшкөн акча каражатын сарптоо боюнча марафондун Эсептөө комиссиясынын төрагасы А.Раматиллаевдин маалыматын угуп, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында 9-Май Жеӊиш күнүнө карата өткөрүлгөн марафондон түшкөн акча каражатын сарптоо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 9-Май Жеӊиш күнүнө карата өткөрүлгөн марафондон түшкөн акча каражатынын №1-тиркемеде көрсөтүлгөн 750,0 миӊ сомдон ашкан каражатты Жалал-абад шаарында 9-Май майрамын өткөрүү иш чарасына (парад) жана Жеӊиш паркындагы мемориалды оӊдоп-түзөөгө иштетүү жагы Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Т.Темирбаевге милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (С.Авазов) ушул токтомдун аткарылышын жеке көзөмөлгө алуу жана бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Нишанов |
| Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXIII-сессиясынын №1-токтомуна №1-тиркеме
|
Жалал-Абад шаарында 9-май Жеӊиш күнүнө карата өткөрүлгөн марафондон түшкөн акча каражатынын чыгымдоо сметасы
№ | Ардагерлер | Саны | Жергиликтүү бюджет-тен карал-ган акча каражаты (миӊ сом) | Жалпы жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражаты | Марафондон түшкөн каражат (миӊ сом) | Жалпы | Бардыгы (миӊ сом) |
1. | Улуу Ата Мекендик со-гуштун каты-шуучулары | 15 | 20,0 | 300,0 | 50,0 | 750,0 | 70,0 |
2. | Концлагердин туткундары | 2 | 15,0 | 30,0 | - | - | 15,0 |
3. | Ооруктун эмгекчилери | 16 | 10,0 | 160,0 | - | - | 10,0 |
4. | Жалпы саны | 33 |
| 490,0 |
| 750,0 | 1240,0 |