Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-апрели № 2
«Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXI-сессиясынын № 4-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын маалыматын угуп, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кенешинин кезексиз XXIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2015-жылга бекитилген сметасынын чегинде капиталдык курулушка каралган акча каражатынын эсебинен 150,0 миӊ сом «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» кароо-сынагынын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо үчүн каржылоо жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн жана аны мыйзамдаштыруу жагы Жалал-Абад шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаардык маданият сарайынын 2015-жылга бекитилген сметасынын чегинде 9-Май Жеӊиш күнүнө карата бөлүнгөн 300,0 миӊ сом акча каражатынан 120,0 миӊ сом Барпы театрына Т.Тайгараев жөнүндө спектакль коюууга бөлүнгөндүгү белгиленсин, калган 180,0 миӊ сомдун 9-Майга карата иш-чаралардын багытын өзгөртүү жагы Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Т.Темирбаевдин сунушу менен шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Нишанов |