Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-апрели № 16/3
«Ырыс айыл аймагындагы жазгы талаа иштерине даярдыктын абалы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына таянып, Ырыс айыл кеңешинин айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевдин берген маалыматындепутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ырыс айыл аймагындагы жазгы талаа иштерине болгон даярдык боюнча баяндама жетиштүү болбогондугуна байланыштуу, маалымат катары кабыл алынсын.
2. Жазгы талаа жумуштарына талап кылынуучу жер семирткичтердин, күйүүчү жана майлоочу материалдардын жана үрөөндөрдүн керектүү өлчөмүн камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. Кезектеги сессияда жасалган иштер жөнүндө маалымат берүү К.Имановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевге милдеттендирилсин
4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |