Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-апрели № 16/7
«Жер тилкелерин муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жылдагы №01-11/1440 сандуу катынын негизинде, айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиянын сунушун депутаттар талкуулап,Ырыс айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жылдагы №01-11/1440 сандуу катынын негизинде, айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде, төмөндөгү жер тилкелери муниципалдык менчикке бекитилсин:
-Күмүш-Азиз айылындагы Тиллабай ажы көчөсүнүн башталышы,Сузак –Жалал-Абад автожолунун боюнда Сузак райондук ЖКК(МАИ) бөлүмчөсүнүн артында аялдаманын түндүк тарабындагы калктуу конуш эсебиндеги 6 (алты) м2 жер аянты.
-Күмүш-Азиз айылындагы Тиллабай ажы көчөсүнүн Сузак-Жалал-Абад автожолунун боюнда «Сыддык-Ажы» мечитинин күн чыгыш тарабында калктуу конуш эсебиндеги 9 (тогуз) м2 жер аянты.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |