Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-апрели № 16/8
“Ырыс Кудайбердиеванын коомдогу тарыхый ордун түбөлүккө калтыруунун программасын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын, “Айыл Мыйзамынын” негизинде, 2014-2015-жылдарда Ырыс Кудайбердиеванын 100 (жүз) жылдык мааракесине арналып өткөрүлгөн иш-чараларды улантуу максатында, 2022-жылда Ырыс Кудайбердиеванын 110 (жүз он) жылдык мааракесин өткөрүү боюнча Ырыс айыл өкмөтүнүн юристи Ибраимов Исмадияр тарабынан сунушталган программанын долбоорун, депутаттар талкуулап Ырыс айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ырыс Кудайбердиеванын коомдогу тарыхый ордун түбөлүккө калтыруу боюнча 2022-жылга чейинки айыл өкмөтүнүн программасы бекитилсин.
2. Программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн иш чара иштеп чыгуу жана керектүү акча каражатын чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы депутат А.Толеновага милдеттендирилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |