Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-апрели № 16/9
«Айыл аймактагы муниципалдык менчиктеги мектептерге акча каражатын ажыратуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» «Муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамын жетекчиликке алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысынын 08.04.2015-жылдагы №142 сандуу сунушун, №5-“Бобур” атындагы орто мектебинин директору Д.Кадиркуловдун сураныч катын жана № 34-Ырыс атындагы орто мектебининин директору Д.Иманованын өтүнүч катын, бюджет, каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып берген сунушун депутаттар сессияда талкуулап Ырыс айыл кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысынын 08.04.2015-жылдагы №142 сандуу сунушун колдоп, Жар-Кыштак айылындагы № 104-«Х.Холдоров» атындагы негизги мектептин кошумча курулушун аягына чыгарууга карыз эсебинен, курулуш материалдарынан жана кызмат акыларына сарпталган акча каражатын төлөө үчүн Жар-Кыштак айылынын иш планына бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен 260388 (эки жүз алтымыш миң үч жүз сексен сегиз) сом билим берүү бөлүмүнүн (70923) 31112290 беренесинен ажыратылсын.
2. Ырыс айылындагы № 34-«Ырыс» атындагы орто мектебинин жаңы имаратын жасалгалоого кошумча 60620 (алтымыш миң алты жүз жыйырма) сом акча каражаты ажыратылсын жана аталган сумма төмөнкү бөлүмдөр аралык жылдыруулардын эсебинен Ырыс айылынын иш планы боюнча бөлүнгөн акча каражатын коммуналдык чарба бөлүмүнүн (70629) 22211200 беренесинен азайтылып, билим берүү бөлүмүнүн (70921) 22154900 беренесине жылдырылсын.
3. Жар-Кыштак айылындагы №5-«Бобур» атындагы орто мектебинде БУУнун «Азык-тулук» программасын ишке ашыруу максатында, ашканасынын ремонту үчүн усталардын кызмат акысына 01.01.2015-жылдын калдык эсебинен 31000 (отуз бир миң) сом билим берүү бөлүмүнүн (70921) 31112290 беренесинен акча каражаты ажыратылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финасы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Курбаналиевке жана айыл өкмөтүнүн башчысы К. Имановго милдеттендирилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |