Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-апрели № 16/10
«Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин» (АРИС)«Айылдарды инвестициялоо долбооруна» ( ПСИ-3) катышуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып, Ырыс айыл аймагына инвестицияларды тартууну күчөтүү жана «Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин»(АРИС), «Айылдарды инвестициялоодолбооруна»(ПСИ-3) катышуу максатында жана айыл өкмөтү тарабынан «Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин» (АРИС) талаптарына ылайык түзүлгөн конкурстук комиссиянын 9-апрель 2015-жылдагы чогулушунун протоколун депутаттар сессияда талкуулап Ырыс айыл кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин» (АРИС),«Айылдарды инвестициялоо долбооруна»(ПСИ-3)катышуугаайылөкмөтүнүн конкурстуккомиссиясынын9-апрель 2015-жылдагы протоколунунтоктомубекитилсин.
2. «Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин» (АРИС) талаптарынаылайыкайылөкмөтүбоюнча эң көйгөйлүү маселе болуп «Ладан-Кара айылына балдар бакчасынын имаратынкуруу» долбоору табылсын жана конкурста катышууга жөнөтүлсүн.
3. Токтомдунаткарылышын көзөмөлдөө жагыишкердиктиөнүктүрүүжана инвестиция тартуубоюнчатуруктуукомиссиясынын төрагасыА.Мамасидиковкожанаайылөкмөт башчысы К. Имановго милдеттендирилсин.
4. Токтоммассалыкмаалыматкаражаттарындажарыяланган күндөн баштап күчүнөкирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |