Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21- январы № I -1
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү «Маданият үйүнө» улуу композитор Абдыкалый Темировдун ысымын берүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү «Маданият үйүнө» улуу композитор Абдыкалый Темировдун атын берүү тууралуу туугандарынын атынан жазган А.Бердикеевдин арызын канаатандыруу максатында Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Бийсеевдин сунушун угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Маданият үйүнө» Улуу композитор Абдыкалый Темировдун аты берилсин.
2. Композитордун тууганы А.Бердикеевге, клубду музыкалык аспаптар менен толуктап жана жылына утурумдук ремонттон өткөрүп туруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal. kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.К. Бийсеевке жүктөлсүн.
Төрайым | Сейдикалыкова Ж. |
|
|