Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21- январы № I -2
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2.Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal. kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.К. Бийсеевке жүктөлсүн.
Төрайым | Сейдикалыкова Ж. |
|
|