Редакцияот 24.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

             Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы

 

2015-жылдын  24-февралы № I-2

 

     Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2015-жылга карата 2014-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо жөнүндө

         Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2015-жылга  карата 245 670,88 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Бектуровду,, ФЭБ башчысы К.Ибраимовдун сунуштарын эске алып, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

      1.     Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык эсебиндеги 1-январь 2015-жылга карата  245 670,88 сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн карамагына эмеректерди, кеңсе камсыз кылууларын жана шаймандарды сатып алууга 120 000  сом; 

Таш-Дөбө айылынын тургуну Г.Балтакуновага, Таш-Дөбө айылындагы бала бакчасына учурдагы чарбалык максаттары үчүн предметтерди жана материалдарды дагы башка сатып алууларды алуу үчүн 60 000 сом;

 Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө байланыштуу башка чыгашаларга 61 670,88 сом;

Таш-Дөбө айылдык ФАП соц.мекемесине учурдагы чарбалык максаттары үчүн предметтерди жана материалдарды дагы башка сатып алууларды алуу үчүн  4 000 сом;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу  К.Бектуровдон суралсын.              

 

       

Төрайым

Сейдикалыкова Ж.