Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-марты № II-I
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин депутаты Айдаров Жумгалбек Султангазиевичтин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин депутаты Айдаров Жумгалбек Султангазиевичтин каза болгондугунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаров Жумгалбек Султангазиевичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кийинки талапкерди каттап берүү АШКдан суралсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жумгал АШКсына жиберилсин.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп jumgal kg веб-сайтына жарялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Түгөлбек уулу Аманбекке милдеттендирилсин.
Төрайым | Сейдикалыкова Ж. |
|
|