Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-июну № IV-I
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү жана калктуу конуштарды түзүү 2015-2017-жылдарга жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо Программасын бекитүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү жанаТаш-Дөбө айылына калктуу конуштарды түзүү, 2015-2017-жылдарга айыл жерлериндеги жарандарды жер участогу менен камсыздоо Программасы боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Түгөлбек уулу Аманбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү жанаТаш-Дөбө айылына калктуу конуштарды түзүү, 2015-2017-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо боюнча Программасы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп jumgal kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Түгөлбек уулу Аманбекке милдеттендирилсин.
Төрайым | Сейдикалыкова Ж. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү жана калктуу конуш түзүүП Р О Г Р А М М А С Ы
(Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыздоо программасын ишке ашыруу алкагында иштелип чыкты)
1. Киришүү 2. Программаны ишке ашыруунун негизги максаттары, милдеттери жана мөөнөттөрү 3. Программанын иш чаралары 4. Программаны ишке ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары 5. Программаны финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо 6. Корутунду
1. Киришүү
Таш-Дөбө айыл аймагында жер жана агрардык реформаны ырааттуу жүргүзүүнүн натыйжасында 2015-жылдын 1-январындагы абал боюнча айыл жерлеринде жашаган жана мурда колхоз, совхоздордо жана башка мамлекеттик айыл чарба ишканаларында, ошондой эле саламаттык сактоо, суу чарба, билим берүү, тиричилик жактан тейлөө, соода, маданият, агрозооветхимтехсервис чөйрөлөрүндө иштеген Таш-Дөбө айылынын 387 жараны жер үлүштөрүн алышкан. Алсак, Таш-Дөбө айылынын жарандарынын жеке менчигинде 725 га айыл чарба багытындагы жерлер, ички жайыт 3000 га айдоо жана мамлекеттин менчигинде 276 га аянттары бар. Кыргызстанда жер реформасын жүргүзүү жылдарында жер мамилелеринде терең, түп тамырынан өзгөртүүлөр болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жерге жеке менчик укугу таанылып, менчик ээлерине өзүлөрүнүн тандоосу боюнча ага тиешелүү мүлккө, анын ичинде жер участогуна да ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча укуктар берилген. "Айыл чарба багытындагы жерлер", "Калктуу конуштардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдардагы калктуу конуштардын) жерлери", "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" сыяктуу жердин категориялары боюнча нормативдик укуктук база түзүлгөн жана укук мамилелери туруктуу рыноктук мүнөзгө ээ болгон. Айыл чарба багытындагы жер участокторунун бардык түрлөрүнө укуктарды берүүнүн конкреттүү механизмдери жана жол-жоболору иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32 беренесинин 1-пунктунда Жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет.
2. Программаны ишке ашыруунун негизги максаттары,милдеттери жана мөөнөттөрү
Программанын максаты айыл жерлеринде тургундардын жер участогу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн шарт түзүү, аларды коомдун жана айылдык тургундардын муктаждыктарын канааттандыруу. Программалык иш-чаралар төмөнкдөй негизги милдеттерди чечүүгө багытталган: - Айыл жерлеринде 2017-жылга чейин жарандарды жер участоктору менен камсыздоо. - Калкту конуштарды кеңейтүүгө айыл чарба багытындагы жерлерди трансфармациялоого КР Жогорку Кеңешине, КР Өкмөтүнө сунуштоо. - кеңейтилген жерге айылдын генералдык планын иштеп чыгуу, -Ички миграциянын агылышына жол бербөө, Программаны ишке ашыруу 2015-2017-жылдардын мезгилине болжолдонот.
3. Программанын иш-чаралары
Айыл жерлеринде 2017-жылга чейин жарандарды жер участоктору менен камсыздоо, же боюнча ушул Программаны ишке ашыруунун негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат: - Айыл жерлеринде 2017-жылга чейин жарандарды жер участоктору менен камсыздоо - Калкту конуштарды кеңейтүүгө айыл чарба багытындагы жерлерди трансфармациялоого КР Жогорку Кеңешине, КР Өкмөтүнө сунуштоо. - кеңейтилген жерге айылдын генералдык план иштеп чыгуу.
4. Программаны ишке ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл жерлеринде жарандырды жер участоктору мене камсыз кылууда, бардык жер ресурстары кыйла толук жана сарамжалдуу пайдаланууну уюштурууга айыл калкына көмөк көрсөтүшөт. Райондук Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана укуктук ченемдик актыларынын негизинде иш жүргүзүшөт.
5. Программаны финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо
Программаны финансылык-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен ушул Программанын иш-чараларын жүзөгө ашырууга жооптуу тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдо болгон материалдык-техникалык базасынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана долбоорлордун каражаттарынын чегинде ишке ашырылат.
6. Корутунду
Бул Программаны ишке ашыруу айыл жерлеринде тургундардын турак жай менен камсыздоо жарндардын жакшы жашоого мүмкүндүк берет, Ички жана сырткы миграцияга тосколдук болуп, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын эркин ишке ашырууга жана аларды гарантияланган коргоого негизденип, түпкү натыйжада айыл калкынын жашоо-турмушун жакшыртат. Айыл жерлеринде жарандарды турак жай менен камсыз кылуу жана ушул Программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн ар тараптан мамлекеттик колдоо зарыл.
2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде жарандардын турак жай салууга жер участоктору менен камсыздоо Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн программасына №1 тиркеме2015-2017-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо боюнча чаранын планы
|
|