Редакцияот 24.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Найман айылдык кеңешинин кезектеги (V чакырылышынын) XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 24-февралы № XVIII-6

          

                    Найман айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө

   Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында Найман айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында  83 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн   башчысы  А.Балтабаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  депутаттардын Найман айылдык  Кеңешинин  “Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Найман айылдык кеңешинин төрагасы

Ш. Эрматов