Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-апрели № XIX-2
Ноокат районунун прокурорунун 2015-жылдын 23-мартындагы «Найман айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 9-февралындагы № 4-3 сандуу токтомуна карата» жазылган № 1/169-15 каршылык билдирүүсү жөнүндө
Ноокат районунун прокурорунун 2015-жылдын 23-мартындагы «Найман айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 9-февралындагы №4-3 сандуу токтомуна карата» жазылган № 1/269-15 каршылык билдирүүсүн аткарууга алуу максатында Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунун прокурорунун 2015-жылдын 19-мартындагы «Найман айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 9-февралындагы №4-3 сандуу токтомуна карата» жазылган № 1/269-15 каршылык билдирүүсүнө ылайык Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүмүнүн абзацына,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин 4-бөлүмүнө негиз Найман айылдык Кеңешинин 2013-жылдын №4-3 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун бир нускасы Ноокат райондук прокуратурасына жиберилсин.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы | Ш. Эрматов
|