Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XI сессиясы
2015-жылдын 30-январы № 11/1
Жусуп Иманалиев атындагы орто мектептин имаратынын оңдоп куруу иштер тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ж. Иманалиев атындагы орто мектебинин имаратынын оңдоп-куруу жумуштары башталгандан кийин өндүрүштүк шартка байланыштуу баштапкы болжомго (смета) жана алгачкы кемтиктөө актысына кээ-бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Он-Арча айыл аймагынын башчысы Болотбековдун билдүүрүсүн угуп жана талкуулап, XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңештин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баштапкы болжомдо (смета) жана алгачкы кемтиктөө актысында орун алган төмөнкү жумуштар тизмеги кажети жоктугуна байланыштуу кыскартылсын:
.Терезенин пластик такталарын (подоконник) орнотуу:
.Терезелердин ички жантак-боорун (откос) шыбоо
.Жылытуу системасындагы кажетсиз тетиктерди орнотуу :
2 .Кыскартылган жумуштардын ордуна төмөнкү иш тизмеги аткарылсын
. Темир пластик терезелерин орнотуу :
.От –казаны жайгашкан бөлмөнү куруп жасоо:
. Кошумча электрказанбагын (электрокотел) орнотуу.
3. Өзгөртүү наркы жалпы сметалык нарк чегинен ашпай жазалсын.
4.Кошумча жумуштардын бирдик баасы аткаруучунун (подрядчик) тооруктук (аукцион)бирдик баасынан жогору болбосун
Төрага | М. Босунов
|