Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XI сессиясы
2015-жылдын 30-январы № 11/3
Оттук айылынын тургундарына маалымдамаларды берүү жөнүндө
Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Болотбеков айыл өкмөтүнөн берилүүчү5(беш) сомдук маалымдамаларды 10(он) сомго көтөрүү менен бир аз болсо да айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында жана Оттук айылынын тургундары Эчки –Башы айылына келип өздөрүнө керектүү маалымдамаларды алуу үчүн транспорт жагынан кыйналып жаткандыгын эске алып, бул маселени чечип берүү жагын угуп жана талкуулап XXIV шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл өкмөтүнөн берилүүчү 5(беш) сомдук маалымдамалар айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында үй-бүлөө, жашагандыгы туралуу кредит алууга көмөкчү чарбасы жөнүндөгү маалымдамалар 10(он) сомго көтөрүлүп берилсин.
2.Оттук айылынын тургундары Оттук айылынын клубунан өздөрүнө керектүү маалымдамаларды берүү №1 чарба китептердин жана алфавиттик китептин көчүрмөсүнүн негизинде (уй-бүлөө, жашагандыгы,кредит алууга көмөкчү чарбасы жөнүндөгү маалымдамалар) берүү жагы соц адис Б. Жоругуловага жана Өрнөк мал базарынан мал тууралуу маалымдамаларды берүү жагы жайыт комитетинин эсепчиси С. Качкынбаевага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Болотбековго милдеттендирилсин .
Төрага | М. Босунов
|