Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XII сессиясы
2015-жылдын 31-марты № 12/3
Айыл аймак боюнча көчүп-конуу, коруктарды уюштуруу корукчуларды дайындоо жөнүндө
Айыл аймагында айдап-себүү жумуштары бүтөөрү менен 2015-жылдын 1-майынан баштап, малдарды көчүрүү , корукчуларды даярдоо, коруктарды уюштуруу максаты XXVI шайланган Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймак боюнча жазгы айдап- себүү иштери бүтөөрү менен 2015-жылдын 1- май айынан баштап алыскы жайлоого көчүрүлсүн , коруктар уюштурулсун, корукчулар дайындалсын.
2. Корукка түшкөн малга айып пул 100(жүз) сомдон белгиленсин, түшкөн айып пул корукчулардын минген атынын жем- чөбүнө жана эмгек акысына жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы М. Болотбековго тапшырылсын.
Төрага | М. Босунов
|