Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
2015-жылдын 19-майы № 13/2
Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Он-Арча айылдык Кеңешинин ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынын каттоодон өткөрүлүп, Onarcha narun-region.kq веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү учун Нарын облусунун Юстиция башкармалыгынан жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын контролдоо Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Болотбековго жүктөлсүн.
Төрага | М. Босунов
|