Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 18-августу № ХIII/III
Агахан фондусу тарабынан оңдолуп жатканТХ-I каналынын жээгиндеги оңдоого тоскоолдук кылган тал чырпыктарды кыркуу, жана аны кайра калыбына келтирүүгө кеткен акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетин чечип берүү жөнүндө
Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү ТХ-1 каналынын, суу топтоочу көлмөнүн ичин тазалоо жумуштары Агахан фондусунун каржылоосу менен жүргүзүлүп жатат. Жумушту алпарууда каналдын жээгиндеги тал чырпыктарды экология мекемесинен уруксат алып кыркып берүү жагына жардам берүүнү, жумуш аткарып жаткан нарын строй сервис ишканасынын жетекчилиги суранган. Экология мекемесинин талабына ылайык кырккан тал чырпыктардын ордун калыбына келтирүү үчүн акчалай 5366 сом фондко которуп берүү керек экен.
Жогорудагыларды эске айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Экология мекемеси менен түзүлгөн келишимге ылайык фондко акча каражатын мыйзам чегинде которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Султановага тапшырылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | М. Нааматбеков
|