Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
2014-жылдын 4-ноябры № XIY/ II
Сары-Ой айылынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мал чарбасы боюнча климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу багытында 2014-2016-жылдарга карата жумушчу топ иштеп чыккан планды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамына ылайык «Жайыттар жөнүндө» КР мыйзамдарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коомчулуктун мүчөлөрүнүн жайыттарды башкарууга активдүү катышуусун камсыздоо үчүн ыйгарым укуктарды жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берген. Ушул мыйзамдарды жетекчиликке алып айылда жумушчу топ түзүлүп, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу багытында 2014-2016-жылдарга план иштеп чыккан. Сунуш кылынган планды талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айылынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу багытында 2014-2016-жылдарга карата иштеп чыккан планы бекитилсин
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин иштеп чыккан планын жетекчиликке алуу жагы Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жакыповго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин экономикалык пландоо, курулуш, байланыш, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | М. Нааматбеков
|