Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 30 –декабры № XY/3
Пионер –Булак ИСКАКБсынын аткарган иштери тууралуу
Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү ИСКАКБнын жетекчилиги тарабынан ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин уставына ылайык иш алпарып келишет.Таза Суу программасы ишке ашып элге суу берилгенден тартып 24 суу чоргосу ИСКАКБнын карамагында, бүгүнкү күндө 4 суу чоргосу иштебей турат. Айылдык кеңештин чечимине ылайык суу чыгаруу атайын түзүлгөн графиктин негизинде иштейт. ИСКАКБда 5 адам эмгектенет.Бүгүнкү күндө ИСКАКБнын жүргүзүп жаткан иши учурдун талабына жооп бербейт. Жогорудагыларды белгилеп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пионер-Булак ИСКАКБсы калкты таза суу менен тейлөөдө олуттуу кемчиликтерге жол берип жаткандыгы белгиленсин.
2. ИСКАКБнын төрагасы,А.Жунушалиевге, бухгалтери С.Эралиевага төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
-2014-жылдагы таза сууга болгон тарифти толук өндүрүү;
-суу кудуктарынын баардыгынын иштөөсүн камсыздоо;
-кудуктун айланасындагы мал сугаргандар менен сүйлөшүп тартипке келтирүү;
-суу чыгарууга болгон тартипти карап күнүнө эки саат эмес, көбүрөөк убакытка чыгаруу боюнча пландап, анализ жүргүзүү;
-кудук башчылары менен жыйын өтүп, жоопкерчилин көтөрүү
-соц фондко, салыкка болгон төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө төлөөнү камсыз кылуу.
Айылдык кеңештин төрагасы | М. Нааматбеков
|