Редакцияот 30.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын XV сессиясы

 

 

2014-жылдын 30 –декабры № XY/4 

Аксакалдар сотунун курамын  бекитүү жөнүндө

Жылан-Арык айылында 2014-жылдын 2-декабрында аксаклдар сотунун  курамына талапкерлерди сунуштоо  боюнча  чогулуш  болуп  чогулушта, 7 адамдын талапкерлиги сунушталган. Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндөгү 2002-жылдын 5-июлундагы мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып Саы-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылан-Арык  айылынын  аксакалдар сотунун  курамына көрсөтүлгөн Ж.Султанов. Ж.Жээналиев. А.Жамангулов. Т.Акматова. Д.Шакеналиева.С.Көлбаев. Т.Жамангуловдор аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө шайлансын.

2. Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору  жөнүндөгү  мыйзамды жетекчиликке алып иш алып баруу  жагы  аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө  тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы  айыл  өкмөтүнүн  жооптуу  катчысы Б.Өмүралиевге тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М. Нааматбеков