Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-апрели № 11/58
Кош-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылга карата түзүлгөн бюджеттин долбоорун жана Кош-Дөбө айыл аймагынын жалпы жамаатынын 10.04.2014-жылдагы №4 токтомунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 369,380 сом. Чыгаша бөлүгү 369,380 сом болуп бекитилсин.
(бюджеттин долбоору тиркелет)
2. Жайыт пайдалануучулар үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1.Бодого- 50-сом бир башка
2. Койго 10-сом бир башка
3. Жылкыга 50-сом бир башка
4. Топоз 200-сом бир башка
3. Сырттан келген малга багып чыккан чабандар элден төмөндөгүдөй баа менен алуу жагы тапшырылсын.
4. Жайлоого мал багып чыккан чабандар элден төмөндөгүдөй баа менен алуу жагы тапшырылсын.
1.Бодого- 200-сом бир башка
2. Койго 30-сом бир башка
3. Эчкиге 30-сом бир башка
4. Букага 250-сом бир башка
5. Сырт жайлоого чыккандар 50% жайыт налогунан бошотулсун.
- көчүп конуунун графиктерин так сактоо жагы ар бир малчыга милдеттендирилсин.
- эрте көчүп келген чабандарга 20 миң сом айып пул салынсын.
- ар бир чаьан менен атайын түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып баруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А. Байташов
|
|
Кош-Добо айыл кенешинин 28.04.2014-ж. №11/58 токтомуна тиркеме |
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2014-жылга карата бюджетинин долбоору
№
| Мазмуну | Кирешеси | Мазмуну | Суммасы |
| Жайыт акысы | 369380 | 1. Жайыт баасы | 51257 |
|
|
| 2. Сатуудан салык 3 % | 9543 |
|
|
| 3. Эмгек акысы | 156000 |
|
|
| 4. Соц.фонд 17.25 | 26910 |
|
|
| 5. Районго отчет (командир) | 12000 |
|
|
| 1. Ар кандай чыгым | 103000 |
|
|
| 2. Бек кари ремонт | 15000 |
|
|
| 3. Райондук ассоция түзүү | 10000 |
|
|
| 4. Чыран жайлоо көпүрө | 5000 |
|
|
| 5. Кашаң Бээ жол | 30000 |
|
|
| 6. Кашаң Бээ көпүрө | 20000 |
|
|
| 7. Фонд Айылдык Кеңештин токтомунун негизинде | 10670 |
|
|
| 8. Айманбет жол оңдоо | 20000 |
|
|
| 9. Ремонт кабинет | 3000 |
| Баары | 369380 |
| 369380 |