Редакцияот 06.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Курманбек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз 19-сессиясы

 

2015-жылдын 6-апрели № 3

 

«Курманбек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү  бюджетинин атайын каражаттар кирешелеринин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

     Курманбек айыл өкмөтүнүн айылдык Кенешинин депутаттарынын 2015-жылдын жергиликтуу бюджетинин атайын каражаттар кирешелеринин  киреше жана чыгаша бөлгүнө өзгөртүү киргизуу жөнүндө сунушун карап чыгып, Курманбек айылдык Кенеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

     1. Курманбек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтуу  бюджетинин атайын каражаттар кирешелеринин киреше бөлүгүнүн  14239400 (Дагы башка түшүүлөр) статьясына 63,3 мин сом акча каражаты кириштелсин.

     2. Курманбек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтуу  бюджетинин атайын каражаттар кирешелеринин киреше бөлүгүнүн  14239400 (Дагы башка түшүүлөр) статьясына кириштелген 63,3 мин сом акча каражаты  70111-болумдун 31123210 (Эмерек сатып алуу) статьясына чыгымдоосу белгиленсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Я.Молдобаевке жана бюджет комиссиясынын төрагасы Т.Наскуловко жуктолсун.

 

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Б. Калбаев