Редакцияот 06.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Курманбек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз 19-сессиясы

 

2015-жылдын 6-апрели № 5

        “Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына жер бөлүп берүү жөнүндө”

     Курманбек жергиликтүү кеңешинин депутаты Сарбаев Кадыралынын билдирүүсүнүн негизинде айыл өкмөтүнө караштуу Таран-Базар айылында жайгашкан “Үрүмбаш” подстанциясынын айланасын кеңейтүү  түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорду талкуулап, жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп, Курманбек жергиликтүү кенеши төмөндөгүдөй токтом кылат:

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоон-Күнгөй  айылына бала-бакча куруу боюнча жазылган долбоорго  жергиликтүү бюджеттен  жалпы сметадагы сумманын эсебинен 1% акча каражаты 30 000 сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы Т.Наскулов жана айыл өкмөт башчысы  Я.Молдобаевге жүктөлсүн.

 

 

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Б. Калбаев