Редакцияот 20.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин   бешинчи шайланган кезектеги XIII сессиясы

 

2015-жылдын 25-марты № 64

 

     Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2014-жылкы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2015-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2015-жылга калган  калдык акча каражатын бекитүү,  2016-2017-жылдарга карата бюджеттин долбоорун бекитүү  жана айыл өкмөтүнүн  кызматкерлеринин  штаттык санын  бекитүү  маселелерин карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1.Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2014-жылга карата киреше бөлүгүнүн аткарылышы 28228,4 миң сомго, же 116,4 пайызга, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 22191,8 миң сомго,  же  96,8 пайызга аткарылганы белгиленсин.

2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн  2015-жылга бюджетинин киреше бөлүгү  22628,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү  22628,1 миң сомго бекитилсин.

3. 2015-жылга айыл өкмөтүнүн  бюджетине калдык болуп калган 5030,1 миң сом, чыгаша болуп ушул сессияда  түзүлгөн депутатык комиисиянын отрумунун чечиминин негизинде жумшалсын.

     4. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга карата бюджеттин долбоору бекитилсин.

     5. Айыл өкмөтү  жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип  чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө  өзгөртүүлөрдү  киргизүүгө укуктуу.

     6.Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2015-жылкы кызматкелеринин типтүү  түзүмү  жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы № 403 -  токтомунун негизинде  бардыгы - 38 кызмат орду,  мындан -  4 штат техникалык жана кенже тейлөөчү  кызматкерлер,  7 штат айыл башчылар жана  7 штат АКСнун инспекторлору болуп бекитилсин.

     7.Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшырылсын жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы

Д. Сатвалдиев