Редакцияот 25.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин бешинчи шайланган кезектеги XIII сессиясы

 

2015-жылдын 25-марты № 66

 

         Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XIII сессиясы күн тартибиндеги: :Балдар бакчаларындагы балдардын тамактануусуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен  200,0 сомдон жана ата-энелердин салымын 500,0 сомдон    бөлүнүүсүн  бекитүү жөнүндөгү  маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1.Балдар бакчаларындагы ар бир тарбияланып жаткан баланын тамактануусуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен ар айга  200,0 сомдон жана ата-энелердин салымы катары 500,0 сомдон бекитилсин.

         2.Ар бир тарбиялануучу балага ар айга бекитилген ата-энелердин салымын    жыйнап, айыл өкмөтүнүн ФЭБне өз убагында тапшыруу балдар бакчаларынын башчыларына жүктөлсүн.

         3.Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү   айылдык кеңештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы

Д. Сатвалдиев