Редакцияот 25.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин бешинчи шайланган кезектеги XIII сессиясы

 

2015-жылдын 25-марты № 73

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги:Кызыл-Кыштак айылындагы “Кылыч-Буркан” атындагы  жана Сүрөтүү-Таш участкасындагы мүрзөлөлөрдү документтештирүү жана мамлекеттик катоодон өткөрүү  жөнүндөгү  маселени карап чыгып, талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыштак айылдагы “Кылыч-Буркан” атындагы мурдатан сөөк коюулуп келе жаткан 5,0 га мүрзөнүн жер аянтына  тийиштүү документтер даярдалып мамлекеттик катоодон өткөрүлсүн.

2. Сүрөтүү-Таш участкасында мүрзө үчүн мурда ажыратылган  5,0 га жер аянтын тактоо жана  ага тийиштүү документтери даярдалып мамлекеттик катоодон өткөрүлсүн.

  3.Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .

       4.Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө   айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы

Д. Сатвалдиев