Редакцияот 25.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин бешинчи шайланган кезектеги XIII сессиясы

 

2015-жылдын 25-марты № 74

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги:Айыл өкмөтүнүн турак-жай үчүн жер тилкесин суранган жарандардын арыздарын кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынын тең төрагасы депутат Д.Номановдун комиссия курамынан чыгуу жөнүндөгү арызынын негизинде айылдык кеңештин 18.06.2013-жылдагы V сессиясынын № 22- токтомунун  4-пункутуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) 18.06.2013-жылдагы V сессиясынын № 22- токтомунун  4-пункутуна төмөкүдүй өзгөртүү киргизилсин:

-Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн турак-жай үчүн жер тилкесин суранган жарандардын арыздарын кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынын тең төрагасы депутат Д.Номановдун комиссия курамынан чыгуу жөнүндөгү арызы канаатандырылып, комиссиянын курамынан чыгарылсын.

-Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн турак-жай үчүн жер тилкесин суранган жарандардын арыздарын кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына  депутат Д.Рахманов шайлансын.

  3.Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .

  4.Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө   айылдык кеңештин социлдык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы

Д. Сатвалдиев