Редакцияот 13.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХII кезектүү сессиясы

 

2015-жылдын 13-февралы № 3

 

Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин  VI-чакырылышынын ХХII- кезектүү сессиясынын каралган  маселе боюнча Ак-Жар айылдык Кеңешинин депутаты Г.Эсенканованын Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин директорлук кызматына  дайындалганына байланыштуу жана  Кыргыз Республикасынын  өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 22-статьясынын  2-пунктуна да келбегендиктен депутаттык ыйгарым укугу  мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча  маселени угуп жана талкулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин  VI чакырылышынын  ХХII-кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жар айылдык Кеңешинин  депутаты Г.Эсенканованын  иштеген иши менен  депутаттык ыйгарым укукгу  шайкеш келбегендиктен,  мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2.  Ак-Жар айылдык Кеңешинин бош калган депутаттык  ордуна  кийинки көп добуш алган депутатты аныктап берүү   Ат-Башы  аймактык шайлоо  комиссиясынан суралсын

 

 

Ак-Жар айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы

А. Кабылов