Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 6
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХХIII- кезектүү сессиясынын каралган маселе боюнчаАк-Жар айылынын тургундары Исмаилов Базарбайдын жана Сооронбаев Мирланбек Изимовичтин Ак-Жар айылынын батыш тарабынан балык өстүрүү үчүн 0,15 гектардан жалпы 0,30 га жер аянтын бөлүп берүүнү сурап жазган арыздарын карап жана талкуулап,Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХII-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылынын тургундары Исмаилов Базарбайга Ак-Жар айылынын батыш тарабындагы №2763 контурдан 0,15 га жана Сооронбаев Мирланбек Изимовичке Ак-Жар айылынын батыш тарабындагы №2772 контурдан 0,15 га, жалпы 0,30 га жер аянты балык өстүрүү үчүн убактылуу жайыт жеринен башка категорияга (трансформациялоого) которууга 5 (беш) жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловго тапшырылсын.
Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы | А. Кабылов
|