Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 7
Ак-Жар айыл аймагынын 2015-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
2015-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
1. Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык 3060.0 миң сом
2. Теңдештирилген грант 3695.9 миң сом.
Баары 6755,9 миң сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ.
Башкаруу аппаратына 3874,3 миң сом.
Клубга 987,6 миң сом.
Китепканага 198,4 миң сом.
«Сезим» бала бакчасына 541,8 миң сом.
Билим берүүгө (А. Жаналиев) 1103,8 миң сом.
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин эмгек акысы 14-айлык ченемде расчетторго ылайык түзүлүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасы жок болгондуктан айыл өкмөтүнүн башчысынын менчик автомашинасын кызматтык автоунаа катары пайдаланып күйүүчү майга 40,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Контор менен клубдун ремонтунан чыккан мусорлорду, таштандыларды чыгаруу үчүн соляркага 30 000 миң сом.
4. Каналдардын ичин тазалоо үчүн 50 000 миң сом.
5. А. Жаналиев атындагы орто мектебинин чарбалык иштери үчүн 40,0 миң сом, коммуналдык чыгымдарга 2,0 миң сом, электр энергиясы лимиттин негизинде 401,8 миң сом, мектепти жылытууга көмүр алуу үчүн 660,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
6. «Сезим» бала бакчасына жаңы бала-бакчаны жылытуу үчүн көмүргө 66 000 сом, электр энергиясына лимит боюнча 45,8 миң сом, балдардын тамак-ашына 30,0 миң сом.
7. Жаңы бала бакчанын тегеретесин тосуу үчүн 300 миң сом.
8. Суу киргизүү жана септик салуу үчүн 50,0 миң сом.
9. Балдар ойноочу аянтча куруу үчүн 40,0 миң сом.
10. Очок салуу үчүн 10,0 миң сом.бөлүнсүн.
11. Бала бакчага ата-энелерден род. Взнос үчүн айына 400 сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. А. Ашырбеков атындагы клубка эмгек акыга 221,1 миң сом, соц фондко 38,1 миң сом, командировкалык чыгымга 5,0 миң сом, жыл ичинде маданий иш чараларды, даталуу күндөрдү өткөрүүгө жана ар кандай чыгымдарга 142,4 миң сом, электр энергия үчүн 172,6 миң сом жана клубдун чатырын алмаштырганга ремонт иштерин жүргүзүүгө 408,4 миң сом болуп бардыгы 987,6 миң сом каралсын.
13. Ак-Жар айыл өкмөтүнө тиешелүү китепканага эмгек акы үчүн 152,1 миң сом, соц фондко 26,3 миң сом, китеп алууга, газета журналга жазылууга 20,0 миң сом болуп бардыгы китепканага 198,4 миң сом каралсын.
14. Аппаратты кармоого эмгек акыга 2592,3 миң сом, соц фондго 383,3 миң сом, командировкалык чыгымга 2014-жылга карызы үчүн жана 2015-жыл үчүн 30,1 миң сом, коммуналдык чыгымга телефонго, факска интернет кызматтары үчүн жалпы 21,0 миң сом, электр энергияга түнкү чырактарга жана котелго лимит боюнча 100,3 миң сом, канц товарга жана контордун тазалыгын сактоого 51,5 миң сом, конторго инвентарь алууга 160,0 миң сом, туберкулез менен ооругандардын жол киреси үчүн 2,0 миң сом, военкоматка резервдик ротанын жайкы машыгуусуна жана картотека уюштуруу үчүн 22 000 миң сом, жаңы имарат салуу үчүн проект чийдирүүгө 145,0 миң сом.
15. Чарба китептерди алууга 7300
16. Сары-Гоо участкасына сооружение куруу үчүн 20,0 миң сом.
17. Көчөт алуу үчүн 10 000 миң сом ж.б. ар кандай чыгымдарга болуп жалпы 415,8 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
Бул акча каражаттар түзүлгөн сметага ылайык чыгымдалсын.
18. Бекитилген 2015-жыл боюнча бюджетин аткарылышын жана жыйым кирешелердин өз убагында чогулушун көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы | А. Кабылов
|